ТоктомКүчүндө

Масы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 10-мартындагы № 5 «Масы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2015-жылдагы көрсөткүчтөрү жана 2016-жылга коюлган милдеттери жөнүндө» токтому

Редакция10.03.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Масы айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы

 

2016-жылдын 10-марты № 5

Масы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2015-жылдагы көрсөткүчтөрү жана 2016-жылга коюлган милдеттери жөнүндө

15-июль 2011-ж. №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 46, 50-беренелеринин негизинде Масы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Маматовдун Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2015-жылдагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана 2016-жылга коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Масы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Маматовдун Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2015-жылдагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана 2016-жылга коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.

2. Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2015-жылдагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана 2016-жылга коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсү канааттандырарлык деп табылсын.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М.Абдалиевге тапшырылсын.

 

Төрага

С. Арзиев