Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-марты № 6
Масы айылдык кеңешинин депутаты Атабаев Дилшодбек Айдаралиевичтин депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 24-беренесинин 6-пунктуна ылайык Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атабаев Дилшодбек Айдаралиевич каза болгондугуна байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары токтотулсун
2. Кийинки депутатты мыйзамга ылайык аныктап берүү жагы Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык кеңешинин төрагасы С.Арзиевге жүктөлсүн.
Төрага | С. Арзиев |