Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-марты № 9
Масы айылдык кеңешинин төрагасына 2015-2016-жыл ичинде өткөргөн сессияларына компенсация төлөмдөрүн төлөп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 37-беренесинин 6- пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2013-жылдын 4-ноябрындагы № 01/32/137 сандуу катынын негизинде Масы айылдык кеңешинин төрагасына 2015- жыл ичинде жана 2016-жылы өткөрүлө турган айылдык кеңештин сессияларына компенсация төлөмдөрүн эсептеп жана төлөп берүү жөнүндө Масы айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Эшенкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Эшенкуловдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Масы айылдык кеңешитин ар бир сессиясын даярдоого иш пландын негизинде комиссия түзүү, текшерүү, жыйынтыгын чыгаруу, токтомдордун долбоорун даярдоо, сессия өткөрүү күнү жана сессиядан кийин протоколдорду, токтомдорду кайрадан кароо, толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн кеминде беш күндөн кем эмес, кээ бир учурларда мындан да көп убакыт кетээрин белгилеп сессия өткөрүүгө компенсация өлчөмүн беш күндөн кем эмес күнгө эсептөөлөр жүргүзүү жагы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2013-жылдын 4-ноябрындагы № 01/32/137 сандуу көрсөтмөсүнө ылайык айылдык кеңештин төрагасына төлөнүүчү компенсациянын өлчөмүн чыгарылган расчеттордун негизинде төлөп берүү Масы айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы К.Калматовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы Ж.Эшенкуловко жүктөлсүн.
Төрага | С. Арзиев |