Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-майы № 6
Масы айыл аймагындагы Жусуп Дубана көрүстөнүн иретке келтирүү жөнүндө
Масы айыл аймагындагы сөөк коюуда жай (гөр) казганда жарандардын ар кандай баада казгандыгы жана сөөк коюуда ар ким өзүм билемдик менен койгондугу боюнча элдин нааразычылыгы жөнүндө Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү Т.Абдукаримовдун мааалыматтын жана күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү Т.Абдукаримовдун сунушу эске алынсын.
2. Масы айыл аймагындагы Жусуп Дубана көрүстөнүн иретке келтирүү боюнча атайын комиссиянын курамына Т.Абдукаримов, А.Кыргызбаев, М.Халматов, Н.Джумахунов,П.Муртазаев бекитилсин.
3. Сөөк коюуда жай (гөр) казганда кыш мезгилинде 3000 (үч миң) жаз мезгилинде 2500 (эки миң беш жүз) сом, каттоо үчүн 200 (эки жүз) сом бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековго тапшырамын.
Төрага | С. Арзиев |