Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-ноябры № 10
Масы айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жер салыгынын тарифи жөнүндө
Масы айыл өкмөтүнүн салык маселелери боюнча башкы адис Б.Омаралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Масы айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVII кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасы мурунку боюнча калтырылсын.
2. Масы айыл аймагындагы зоналдык коэффициенттин тарифи 1(бир) боюнча калтырылсын.
3. Кабыл алынган токтом боюнча Мамлекеттик салык кызматынын Ноокен району боюнча башкармалыгына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кенешинин финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Эшенкуловго жана айыл, суу чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Абжапаровго жүктөлсүн.
Төрага | С. Арзиев |