Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-ноябры № 14
Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2016-жылга бекитилген пландарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Масы айыл өкмөтүнүн ФЭБунун башчысы К.Калматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Масы айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVII кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн планы 15,0 миң сомго кыскартылгандыгына байланыштуу айыл окмөтүнүн 2221 статьясынан 15,0 миң сом кыскартылсын, ДЮСШнын 2222 статьясынан 120,0 мин сом, 3112 статьясына көбөйтүлсүн, 3112 статьясынан 470,5 мин сом балдар бакчасынын сатып алуу статьясынан көбөйтүлсүн, мектептердин көмүр сатып алуу статьясынан 427,0 миң сом 2221 статьясына көбөйтүлсүн. Балдар бакчасынын 2221 статьясынан 193,5 мин сом 311 статьясына жылдырылсын, орто мектептердин 2221 статьясынан 75815 сом Апыртан башталгыч мектебинин 2221 статьясына жылдырылсын.
2. Жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизип жана аны максатуу пайдалануу Масы айыл Өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы К.Калматовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңешинин финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Эшенкуловко жүктөлсүн.
Төрага | С. Арзиев |