Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-ноябры № 17
Масы айылынын борбордук зонасынын айыл башчыларына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Масы айылындагы борбордук зонадагы айыл башчылар көп жылдардан бери эмгек акы албай иштеп келгенин эске алып, алардын ишине дем берүү максатында күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылындагы борбордук зонадагы айыл башчылар А.Давлетов, П.Муртазаев, М.Холматов, М.Хурбаевдерге ар кварталда 3000 (үч миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү Масы айыл өкмөтүнүн ФЭБунун башчысы К.Калматовго тапшырылсын.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңешинин финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Эшенкуловко жүктөлсүн.
Төрага | С. Арзиев |