Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-августу №21/3
Жошолу айылдык округуна караштуу Уч-Чат айылында жайгашкан китепканага тарыхый инчан Алай ханышасы Курманжан датка ысмын берүү жөнүндө
Жошолу айылдык округунун Кенешинин IV чакырылышынын кезексиз XXI заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айылдык Кенешинин мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын корутундусунун, Жошолу айылдык округуна караштуу Уч-Чат, Орто-Суу, Осоавиахим, Аюу-Тапан айылдарынын элдик жыйындарында түзүлгөн № 1 протоколдорунун жана Жошолу айылдык округунун башчысынын сунушунун негизинде айылдык округа караштуу Уч-Чат айылында жайгашкан № 10 китепканага тарыхый инсан Алай ханышасы Курманжан датканын ысмын берүү жагы сунушталсын.
2. Бул токтомду колдоп берүү жагы Алай райондук мамлекеттик администрациясынан жана райондук Кеңештен суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Жошолу айылдык округунун башчысы К.Торошевге милдеттендирилсин.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Алдашев |