Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-ноябры № 5
Масы айылынын Кызыл-Туу айылындагы топурак алган карьердин жанынан 5 га жер тилкесине кыш завод куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү боюнча К.Шералиевдин арызын кароо жөнүндө
Масы айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент боюнча, социалдык маселелер жана өнөр жай, архитектура, транспорт жана телекоммуникациялар, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиялардын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент боюнча, социалдык маселелер жана өнөр жай, архитектура, транспорт жана телекоммуникациялар, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиялардын маалыматы эске алынсын.
2. Масы айыл аймагындагы Кызыл-Туу айылынан топурак алган карьердин жанынан 5 га жер тилкеси кыш завод куруу үчүн мыйзам чегинде ажыратылып берилсин.
3. Масы айыл аймагындагы Кызыл-Туу айылынан топурак алган карьердин жанынан 5 га жер тилкесин кыш завод куруу боюнча керектүү документтерди тактоо жана даярдоо Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармалыгынан жана Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын..
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңештин айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Төрага | С. Арзиев |