Загрузка документа…
ЧАНГЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-марты № 13
Өстүрүү айылынын Кара-Таш участкасындагы ички жолго ат коюу жөнүндө
Чангет айыл өкмөтүнүн Өстүрүү айылынын Кара-ташка кетүүчү ички жолго Талип Камчыбековдун ысымын коюу жөнүндөгү маселени карап талкуулап чыгып Чангет айылдык кеңешинин (төртүнчү шайланган) кезектеги V отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чангет айыл өкмөтүнүн Өстүрүү айылынын тургуну М.Камчыбековдун 2017-жылдын 1-март күнү жазган арызы канааттандырылсын.
2. Чангет айыл өкмөтунүн Өстүрүү айылынын Кара-таш участкасына кетүүчү ички жолго Өстүрүү айылынын атуулу, Камчыбеков Талип –Балбан дын ысымы ыйгарылсын.
3. Көчөнү таза кармоо,шагыл төктүрүү, Камчыбеков Талиптин өзүнө балдарына жана көчөнүн тургундарына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кенештин төрага орун басары Т.Аширбековго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Эшиев |