Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-ноябры № 2
Жанусак уулу Жумагулдун жана Мырзагулдун кайрылуусу жөнүндө
Акназаров айылдык Кеңешинин 30-чакырылышынын депутаттарынын 2016 –жылдын 22-ноябрындагы кезексиз 28-сессиясындагы протоколдун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Кудук айылынын Дооронбек уулу Токтогул көчөсунөн кийинки жаңы көчө ”Токтогул уулу Жанусак ажы “ атындагы көчө деп аталсын.
2. Маркум Токтогул уулу Жанусактын балдары көчөнүн иш чараларына жардам көрсөтүшсүн.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Жакышевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасы К.Жорготаевге жүктөлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К. Жорготаев |