Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-октябры № 2
Акназаров айыл аймагындагы калктуу конуштарынын административдик чек арасын тактоо жана бекитүү жөнүндө
Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 19-апрель 2013-жылдагы №Б-14/1 буйругунун негизинде ,Акназаров айыл аймагынын 22-апрель 2013-жылы №25 буйругунун негизинде ,Акназаров айыл аймагынын 22-апрель 2013-жылы №25 буйругунун негизинде “Кыргызмамжердолбоор”долбоорлоо институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынын Акназаров айыл аймагынын Кызыл-Октябрь,Таш-Кудук,Көк-Таш,Маданият жана Урмарал калктуу конуштарынын чек арасын тактоо жана бекитүү иш кагаздарын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Кыргызмамжердолбоор” долборлоо институнун Талас жерге жайгаштыруу экспеди циясы тарабынан даярдалган Акназаров айыл аймагынын Кызыл-Октябрь,Таш-Кудук , Көк-Таш,Маданият,Урмарал калктуу конуш тарынын чек арасын тактоо боюнча материалдары бекитилсин.
2. Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдарынын негизинде Бакай-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укук тарды каттоо башкармалыгына жерди эсепке алуу иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Акназаров айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Жорготаев |