Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-октябры № 4
Акназаров айыл аймагында жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө түз берүү жолу менен жер беруу жөнүндө
Акназаров айылдык Кеңешинин 30-чакырылышынын депутаттарынын 2016 –жылдын 26-октябрындагы кезектеги 27-сессиясындагы протоколдун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл аймаганда жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 684 контурдагы жерден түз берүү жолу менен 0,80 гектар жер бөлүнүп берилсин..
2. Токтомдун ишке ашырылышы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси С.Исмаиловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Жакышевге жуктөлсүн.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К. Жорготаев |