Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-октябры № 5
Акназаров айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Акназаров айылдык кеңешинин 30-чакырылышынын депутаттарынын 2016-жылдын 26-октябрындагы кезектеги 27-сессиясы Акназаров айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнун башчысынын сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Т.Жанкорозованын аталган маселе боюнча билдирүүсү эске алынсын.
2.Башкаруу аппарат бөлүмүнүн 2215 статьясынан (ар кандай чыгым)200,0 миң сом,
Турак жай бөлүмүнөн 2215 статьясынан (ар кандай чыгым) 114,0 миң сом,
Бала-бакча бөлүмүнүн 2218 статьясынан (тамак-аш чыгым) 80,0 миң сом, Билим берүү бөлүмүнүн 2231 статьясына (электр энергия чыгым)жылдырылсын.
3. Турак жай бөлүмүнөн 2215 статьясынан (ар кандай чыгым) 25,0 миң сом,Башкаруу аппарат бөлүмүнүн 3111 статьясынан (имарат жайларды оңдоо ) 20,0 миң сом акча каражаты Соц. коргоо бөлүмүнүн 2215 статьясына ( ар кандай чыгым) жылдырылсын.
4. Турак жай бөлүмүнөн 2215 статьясынан ( ар кандай чыгым ) 25,0 миң сом, Билим берүү бөлүмүнүн 2222 статьясына (материал сатып алуу ) 25,0 миң сом жылдырылсын.
5. Турак жай бөлүмүнөн 2215 статьясынан ( ар кандай чыгым) 107,0 миң сом, айылдык клуб бөлүмүнүн 2215 статьясына ( ар кандай чыгым ) жылдырылсын.
6. Айыл өкмөтүнүн бюджетине(справка уведомление) аркылуу тактоолорду жүргүзүү милдети айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Жанкорозовага жүктөлсүн.
7. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Жорготаев |