Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-октябры № 6
Акназаров айылдык кеңешинин 30-чакырылышынын депутаттарынын 2016-жылдын 26-октябрдагы кезектеги 27-сессиясында , Талас областык Өнүктүрүү Фондуна Акназаров айыл аймагынын калктын курулуш иштерине, ички жолдорду оңдоого жардам жана инвестициялык планына коомдук угууда аныкталган көйгөйлөрдү, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сунушталган жергиликтүү аймактын социалдык коммуналдык инфраструктурасын өнүктүрүүнүн стратегиясын ишке ашыруу максатында Акназаров айыл өкмөтүнө төмөндөгү спец техникалар, 3 300 мин (Үч млн. үч жүз миң) сом авто унаасы алуу жагы каралсын.
2. Долбоорду ишке ашыруудагы тиешелүү жалпы сумманын ичинен 100,0 (Жүз миң) сом, өздүк салымын, айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Долбоордун ишке ашыруу жагы Акназаров айыл өкмөтүнүн башкы адиси С. Субаналиевге жүктөлсүн.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы М. Жакышевге милдеттендирилсин.
Төрага | К. Жорготаев |