Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25- августу № 22/4
Ш.Сатиев атындагы орто мектебине жаңы окуу имаратын куру үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө
Жошолу айылдык Кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын ОКМнин мониторинг жүргүзүү божомолдоо департаментинин № 03-04/178 10.05.2011-жылдагы катына ылайык Кыргыз НИИПСССтин адистери тарабынан изилденип жыйынтыкталган инженердик техникалык (шифр 7/11) отчетунун негизинде айылдык округка караштуу Сатиев Ш атындагы орто мектебинин 1-корпусу жана 3-корпусу авариялык абалда болгондугуна байланыштуу, аталган орто мектептин жер аянтынан 400 орундуу жаны окуу корпусун куруу үчүн жер участогу бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде жер аянтын чектеп тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы, ошондой эле кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айылдык округдун жер адиси М.Топчубаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жошолу айылдык округунун башчысы К.Торошевге тапшырылсын.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Алдашев |