Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеңешинин 17-чакырылышынын кезектүү 2-сессиясы
2017-жылдын 24-февралы № 1
Кара-Cуу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин аткарылышын угуп, 2017- жылга калган калдыкты бекитүү, 2017- жылдын бюджетин бекитүү жана 2018-2019 жылдардагы болжолдуу бюджетти пландоо. Кара-суу айыл аймагынын депутаттарынын айылдык Кеңешинин 16-чакырылышынын 2-кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгыша бөлүмдөрү Республикалык бюджеттен алынуучу теңдештирилген жана айылда топтолуучу салык булактарынын эсебинен төмөндөгүдөй белгиленсин.
КИРЕШЕ:
Теңдештирилген гранттан-9195,5 миң сом
Айылдык кирешеден -2959,5 миң сом
Баары: - 12155,0 миң сом
ЧЫГАША:
Башкаруу аппаратына – 7562,7 миң сом
Маданият бөлүмүнө - 898,1 миң сом
Билим берүү – 2934,2 миң сом
Атайын каражат – 210,0 миң сом
Экономикалык маселелер – 550,0 миң сом
Баары: - 12155,0 миң сом
2. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдардагы болжолдуу бюджетин тапшыруу айыл өкмөтүнүн башкы эсепчи М. Дөөлөтбаевага тапшырылсын.
3. Атайын каражаттан калган 2017-жылга калдык акча каражаты боюнча 139,5 миң сом менен бекитилсин.
4. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылга калдык акча каражаты боюнча 1425,0 миң сом менен бекитилсин.
5. Жергиликтүү салыктын түрлөрү боюнча чогултулган акча каражатын өз орду менен чогулушу жана төгүлүшү боюнча айыл өкмөтүнүн салык инспектору В. Касымбековага милдеттендирилсин.
6. Айыл өкмөтүнүн эсебиндеги акча каражаттар бекитилген сметага ылайык,Казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдалсын жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Дөөлөтбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Иманкулов |