Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеңешинин 17-чакырылышынын кезектүү 2-сессиясы
2017-жылдын 24-февралы № 2
Кара-Суу айыл аймагындагы айыл өкмөтүнүн ветеринардык кызмат көрсөтүү акыларын бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 24-февраль 2017-жылдагы жалпы элик жыйынынын токтомунун негизинде айыл өкмөт башчысы Ш.Кабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө ири мүйүздүү малдарга идентификация жүргүзүү иштери болуп жаткандыгы белгиленсин.
2. Ветеринардык кызмат көрсөтүү (идентификациялоо) акылары 40 сом бирка баасы, 30 сом кызмат көрсөтүү акысы болуп, жалпы 70 сомго бекитилсин.
3. Тиешелүү милдеттерин аткаруу, ветеринардык тейлөө иштерин камсыз кылуу жагы ветеринардык сервис ээлерине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Ш.Кабаевге тапшырылсын.
Төрага | Ж. Иманкулов |