Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Жол айылдык кеңешинин (VI шайланган) биринчи уюштуруу сессиясы
2017-жылдын 4-январы № 1/3
Кашка-Жол айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоону уюштуруу үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 37-беренесинин жана айылдык Кеңешинин регламентинин негизинде Кашка-Жол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнү уюштуруу үчүн эсептөө комиссиясын түзүү боюнча депутаттардан турган төмөндөгүдөй эсептөө комиссиясы түзүлсүн.
1. № 1-Жийде 3 мандаттуу округунан депутат Сулайманов Абдыкалы Камилович.
2. № 2-Тоготой 6 мандаттуу округунан депутат Кулмаев Жеңишбек Тешебаевич.
3. № 4-Ак-Терек 7 мандаттуу округунан депутат Кочкорбай уулу Канатбек.
2. Түзүлгөн эсептөө комиссиясы өз курамынан комиссиянын төрагасын, катчысын, мүчөсүн шайласын жана шайлоо бюллетендерин таркатып, добуш берүү бүткөндө шайлоо бюллетендерин эсептеп, тиешелүү жыйынтыгын Кашка-Жол айылдык Кеңешинин жыйынына сунуш кылсын.
Депутат | Т. Оморов |