Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Жол айылдык кеңешинин (VI шайланган) экининчи кезектеги сессиясы
2017-жылдын 30-январы № 2/2
Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бекитилген бюджеттин аткарылышы жана 2017-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна, Кашка-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2-пунктуна ылайык 2017-жылга карата Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндү Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Асанованын маалыматын жана Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн кеңешинин бюджети боюнча туруктуу комиссиянын жыйналышынын туруктуу комиссиясынын берген сунушун угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 9453,9 миң сомго, чыгаша бөлүгү 9562,2 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин кирешелер бөлүгү 10041,1 миң сомго, чыгашалары 1004,1 миң сомго бекитилсин.
3. Кашка-Жол айыл өкмөтүнө тиешелүү уюмдар тарабынан кабыл алынып жаткан нормативдик актылардын негизинде, ошондой эле өндүрүштүк көлөмдөрүнүн, баалардын инфляциясынын деңгээлине жана башка процесстердин эсебинен келип чыккан өзгөртүүлөргө ылайык, бюджеттик статьялар боюнча өзгөртүүлөр айылдык кеңештин сессиясында каралып, бекитиле тургандыгы бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы депутаттардын Кашка-Жол айылдык кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Рахманберди уулу Шайырбекке тапшырылсын.
Төрага | Т. Оморов |