Редакцияот 17.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Абдрахманов айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы

 

2017-жылдын 17-февралы № 11

Айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин эмгек маянасына кошумча акча-каражаты жөнүндө

КРнын 2004-жыл.21.08. № 165 Муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамынын 29-беренесине ылайык,айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин айлык маяна көлөмүн көбөйтүү жөнүндө кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Абдрахманов айыл Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Абдрахманов айыл Өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген 8 сааттан ашык иштегендиктери үчүн, ошондой эле коммуналдык чыгымдардын, анын ичинен электр энергияга болгон төлөмдөрдүн кымбаттыгына байланыштуу, социалдык жактан колдоо максатында кызмат акыларына кошумча 15% пайыз өлчөмүндө акча каражаты кошулсун.

2. Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышы Абдрахманов айыл өкмөтүнүн башчысы У.Апсатаровго жана ФЭБнун башчысы К.Исабаевге милдеттендирилсин.

4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

5. Токтом райондук ММКна жарыялансын. Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынан каттодон өткөрүлсүн.

 

Төрага

Т.М. Масиев