Загрузка документа…
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-февралы № 15
Айыл чарба агрегаттарынын элге көрсөтүлгөн кызматынын тарифтерин жана жайыт комитетине түшкөн акысын бекитүү жөнүндө
«ПРЖР» проектиси боюнча айыл өкмөтүнө келген айыл чарба агрегаттарынын элге көрсөтүлгөн кызматынын тарифин бекитүү жана жайыт комитетине түшкөн акысын бекитүү боюнча жайыт комитетинин төрагасынын кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Абдрахманов айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Пресподборщик 1 престелген түккө жиби менен бирге 8 сом, жиби жок болсо 6 сомдон, соляркасы 10 литр.
2. Чөп чабуу 1 га 500 сом, соляркасы 10 литр.
3. Жем тартуу 1 мешок 20 сом.
4. Жогоруда көрсөтүлгөн кызматтардан түшкөн акча каражатынын 30% Жайыт комитетине өткөрүлүп берилсин.
5. Жайыт комитети кызмат көрсөтүүнү касса аркылуу жүргүзсүн, кызмат менен пайдалануучу адамдар ЖКне арыз менен кайрылып, тиешелүү акча каражатын төлөп квитанция алуусу зарыл.
6. Токтом айыл өкмөтүнүн кулактандыруу такталарына илинип элге жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөгө алууга Абдрахманов айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Апсатаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.М. Масиев |