Загрузка документа…
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-февралы № 16
Ичкен суунун ставкасын бекитүү жөнүндө
Айыл Кеӊеши XXVII- чакырылышынын кезексиз II-сессиясынын күн тартибине коюлган маселеси боюнча «Жарк-аква» тазалык ишканасынын жетекчиси А.К Бараканованын билдирүүсүн угуп, карап чыгып талкуулап,айтылган сунуштарды эске алып төмөндөгүдөй:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктын ичкен сууга төлөм акысы айына 1 үй бүлөөгө 70 сомдон белгиленсин.
2. Сууга чогултулган акча каражаттарынын эсебинен анда иштеген жумушчуларга эмгек акысы төлөнүп берилсин.
3. Таштанды ташып чыгаруу рейсине-100 сом
4. Таштандыларды максатсыз ыргытып,төккөндөргө айып – 2000 сом.
5. Көчөгө малдын кыгын (навоз) төгүүгө айып - 2000 сом сомдон алынсын.
6. Көрсөтүлгөн ар бир пунктундагы төлөнгөн акча каражаты үчүн бухгалтерия тарабынан квитанция берилсин.
7. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы «Жарк-аква»ишканасынын жетекчиси А.К Баракановага милдеттендирилсин.
8. Токтомдун аткарылышына Финансы,бюджет,инвестиция тартуу,укук.тартип жана этика комиссиясы көзөмөл жүргүзсүн.
9. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын,Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага | Т.М. Масиев |