Загрузка документа…
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-апрели № 24
Айыл Кеӊешинин төрагасын шайлоо
Айыл Кеӊешинин XXVII- чакырылышынын кезектеги III-сессиясы күн тартибине коюлган маселеси боюнча төраганын орун басары Э.Ш Исмаиловдун билдирүүсүн угуп, карап чыгып,талкуулап айтылган сунуштарды эске алып төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл Кеӊешинин мурдагы шайланган төрагасы Масиев Төлөнбек Молдошевич берген арызынын негизинде депутаттык мандатын тапшыргандыгына байланыштуу,айыл Кеӊешинин төрагасы кызматынан бошотуу арызы канааттандырылсын.
2. Ачык шайлоо боюнча көпчүлүк депутаттардын добушун алган жана айыл Кеӊешинин сессиясынын 2017-ж.17.04. № 3 Протоколунун негизинде депутат Исмаилов Темирбек Бекишович айыл Кеӊешинин төрагасы болуп шайлансын.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Ысык-Көл облаттык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн
Төраганын орун басары | Э. Исмаилов |