Загрузка документа…
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-апрели № 25
Жайыт акысын жана айыл чарба техникаларынын көрсөткөн кызматынын акысын бекитүү жөнүндө
Айыл Кеӊешинин XXVII – чакырылышынын кезектеги II – сессиясынын күн тартибине коюлган маселеси боюнча жайыт комитетинин төрагасы К.Ж Рыскелдиевдин билдирүүсүн угуп, карап чыгып,талкуулап айтылган сунуш пикирлерди эске алып төмөндөгүдөй:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайытка чыгуучу - бодо малга 50 сом,- кой-эчкиге 15 сомдон алынсын. Алынган акчага квитанция кесилип берилсин.
2. Жайытка малды 2017-жылдын 1-майынан баштап көчүрүп,1-октябрынан баштап мал ээлерине таратылсын.
3 .Жазгы айдап-себүү өнөктүгү боюнча:
4. Гектарына жер айдоо- 1000 сом-30л солярка, тырмоо- 500 сом -10л солярка, мала- 500 сом-10л солярка, себүү-600 сом-10л солярка. Чөп чабуу-1000сом соляркасы ичинде, Ташуу-800 сом- бензини ичинде белгиленсин.
5. Жайыт жерлеринен ашык пайдаланып алган жерлери үчүн гектарына 5 сомдон алынсын.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы К.Ж Рыскелдиевге милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышына социалдык,айыл чарба жана жаштар,спорт комиссиясы көзөмөл кылсын.
8. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага | Т. Исмаилов |