Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-июлу № 35/7-7
Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин 2016-жылда жана 2017-жылдын 5 айында аткарган иштери жөнүндө
Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин төрайымы Б.К.Маматаеванын Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин 2016-жылда жана2017-жылдын 5 айында аткарган иштери жөнүндө отчетун, шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектегиVII сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Аялдар кеңешине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50320 (элүү миң үч жүз жыйырма) сом каражаты бөлүнүп, канцелярдык товарлар алынган, 600 экземпляр “Кыздарга 40 кеңеш” аталыштагы китепчелер чыгарылган.
19.05.2016-жылы “Кыз адеби кымбат” деген аталышта жыйын өткөн. Андан сырткары жаш энелерге “Баланы туура тамактандыруу жана үч жашка чейин тарбиялоо”деген темада иш-чара, “Баланын эң биринчи тарбиячысы ата-эне” деген аталышта мектептерде жыйындар өткөрүлгөн.
“Энелер”күнүнө карата, жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 38165 сом акча каражатына “Энергетик” маданият үйүндө майрамдык иш-чара өткөрүлгөн.
Аялдар кеңешине жарандар тарабынан 13 кайрылуу, анын ичинен9 жазуу түрүндө, 4 оозеки кайрылуу каралган. Баардык арыздар аялдар кеңешинин жыйындарында терең талкууланып, анын ичинен жумушка орноштуруу жана башка турмуштагы көйгөйлүү маселелерге моралдык, материалдык жактан жардамдар берилген.
“Шайыр апалар” сынагынын жеңүүчүлөрүнө аялдар кеңеши тарабынан белектер берилген.
23.05.2017-жылы шаардык маданият үйүндө, аялдар кеңешинин мүчөлөрү 8-11-класстагы эрезеге жете элек өспүрүм окуучу кыздардын турмушка эрте чыгууларын алдын алуу максатында, семинар уюштурган. Эрте турмушка чыгуунун терс көрүнүштөрү жөнүндө өспүрүм кыздарга акыл сөздөрүн, насыяттарын айтышкан. Аягында “Кыздарга 40 кеңеш” китепчелер, блокноттор, ручкалар жана папкалар таркаткан.2017-жылдын 5 айында 3 арыз каралган.
Жогорудагы көрсөтүлгөндөрдүн негизинде Кара-Көл шаардык Кеңешинин кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин 2016-жыл жана2017-жылдын 5 айында аткарган иштери боюнча отчету эске алынсын жана канаттандырарлык деп табылсын.
2. Аялдар кеңеши тарабынан өспүрүм кыздарды тарбиялоого чоң көнүл бурулуп жаткандыгы белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардын вице - мэрине (Г.Ө.Сатарова), шаардык аялдар кеңешинин төрайымы (Б.К.Маматаева), аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча комиссиясына (Т.Б.Туйбаев-туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н. Кыргызалиев |