Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-июлу № 36/7-7
Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун 2016-жылда жана 2017-жылдын 5 айында аткарган иштери жөнүндө
Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун 2016-жылда жана 2017-жылдын 5 айында аткарган иштери жөнүндө аксакалдар сотунун төрагасы Э.О.Кошалиевдин отчетун шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардыкаксакалдар сотунун 2016-жылда жана 2017-жылдын 5 айында аткарылган иштери жөнүндө отчету эске алынсын канааттандырарлык деп табылсын.
2. Аксакалдар сотунун чечилбей жаткан иш-аркеттерине ички иштер бөлүмү тарабынан жакындан жардам берилсин, ал эми шаардык мэрия тарабынан аксакалдар сотторунун иштерине зарыл болгон учурда транспорт боюнча көмөк көрсөтүлсүн.
3. Аксакалдар соттору жөнүндөгү мыйзамынын II бөлүмүнүн 10-статьясына ылайык, аксакалдар сотунун курамын кыскартуу боюнча иш жүргүзсүн жана мыйзамга ылайык жобо иштеп чыксын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев),Кара-Көл шаардык аксакалдар сотуна (Э.О.Кошалиев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча комиссиясына (Т.Б.Туйбаев-туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н. Кыргызалиев |