Редакцияот 06.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 6-июлу № 38/7-7

Кара-Көл шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын 2016-жылда аткарылышы жөнүндө шаардын мэри И.М.Еркеевдин отчету

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесиинин 8-бөлүмчөсүнүн, “Шаардык кеңештин 2017-жылга карата иш планы жөнүндө” 16.03.2017-жылдагы Кара-Көл шаардык кеңешинин III сессиясынын №5/3-7 сандуу токтомунун негизинде, Кара-Көл шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын 2016-жылда аткарылышы жөнүндө шаардын мэри И.М.Еркеевдин отчетун угуп жана талккулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин Кара-Көл шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын 2016-жылда аткарылышы жөнүндө отчету жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын маалыматы эске алынсын.

 

Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин Кара-Көл шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын 2016-жылда аткарылышы жөнүндө отчету канааттандырарлык деп табылсын.

 

Төрага

Б.Н. Кыргызалиев