Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-апрели № 1
Килем-Ата жайыт комитетинин 2017-жылга түзгөн бюджетин бекитүү жөнүндө
КРнын ЖӨБ жөнүндөгү мыйзамынын жана КРнын жайыттар жөнүндөгү мыйзамына ылайык Достук айылдык кеңешинин V сессиясы күн тартибинде маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Килем-Ата”жайыт комитетинин төрагасы К.Тагаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштары бекилсин: 2017-жылга бир сезонго жогорку жана жакынкы жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү:
а) жылкы бир баш үчүн – 130 сом,
б) ири мүйүздүү мал бир баш үчүн – 130 сом,
в) жаш мал бир баш үчүн - 91 сом
г) кой,эчки бир баш үчүн – 30 сом,
3. Жакынкы жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү
а) жылкы бир баш үчүн – 70 сом,
б) ири мүйүздүү мал бир баш үчүн – 70 сом,
в) жаш мал бир башн - 49 сом
г) кой,эчки бир баш үчүн – 15 сом,
4. 2017-жылга Достук айыл аймагыбыздагы чабандарга, жайлоодо мал-койлорду бакканы үчүн элдердин төлөмдөрү 1 айына төмөнкүдөй бекитилсин:
а) кара мал,жылкы бир баш үчүн – 300 сом,
б) кой,эчки бир баш үчүн – 80 сом,
в) козу,улак бир баш үчүн – 80 сом,
5. “Килем-Ата” жайыт комитетинин 2017-жылга карата түзүлгөн бюджети бекилсин.
6. Чабандарга жоготкон мал жандыктарын төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
7. Чабан менен мал ээсинин ортосунда келишим түзүлүп,жогорудагылар келишимде эске алынсын.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Килем – Ата” жайыт комитетинин төрагасы К.Тагаевке милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бекибаев |