Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-марты № 13
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2016-жыл ичинде жүргүзүлгөн иштери боюнча айыл өкмөт башчысынын орун басары Ж.Казимидиновдун отчету жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2016 жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө айыл өкмөт башчысынын орун басары Ж.Казимидиновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин V -кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Казимидиновдун 2016-жыл ичинде жүргүзүлгөн иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Молдомусаевге жана айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерине төмөндөгү иштерди аткаруу жагы тапшырылсын:
2016-жылга аткарылуучу иш чараларын аткарылышын камсыз кылуу;
- тазалыкты камсыз кылуу иштерин уюштуруу жана айылдардагы таштанды төгүүчү аңдарга (яма) таштанды төгүүчү жай экендиги жөнүндө белги берип туруучу щиттерди орнотуу.
- инвесторлор менен иш алып баруу жана инвестициаларды тартуу;
-жергиликтүү бюджетке түшкөн кошумча каражаттардын социалдык секторду колдоого жумшалышын камсыздоо;
-2016-жылга суугат суу сезонуна карата арыктарды, каналдарды тазалоо боюнча УОС менен тыгыз иш алып баруу жана Кум-Ой участкасындагы ижара жерлерге сугат сууну үзгүлтүксүз жеткирүү үчүн эски каналды ачуу;
-жазгы талаа иштерине даярдыктарды көрүү,айдап себүү жана оруп жыйноо иштерин өз убагында сапаттуу аяктоо,жазгы талаа жумуштарына карата күйүүчү, майлоочу майларды жана жазгы айдап себүүгө керектелүүчү үрөөндүн эсебин жана жер семирткичтерге болгон муктаждыктарды аныктап чыгуу жана жеңилдетүү жолу менен күйүүчү, майлоочу майлар жана үрөөн менен камсыздоо чараларын көрүү;
3. Жазгы айдап себүү жумуштарын мөөнөтүндө аяктоо менен жогорку түшүм алуу үчүн болгон аракеттерди жасоо жагы айыл башчыларына, жер адисине, статист-экономист С.Жолдошовага, айыл өкмөт башчысынын орун басары Ж. Казимидиновго милдеттендирилсин.
4. Жарандардын арыз даттанууларына,өтүнүч суроо талаптарына сергек мамиле жасап, өз убагында тиешелүү мекемелер менен бирдикте чечип берүүгө көңүл буруу жагы айыл өкмөттүн аппаратынын кызматкерлерине милдеттендирилсин.
5. Эл аралык экстремисттик диний уюмдардын мыйзамсыз иш аракеттерине катышууга жаш балдарды тартууга алдын ала жол бербөө боюнча айылдардын баш имамдары жана коомчулук менен бирдикте иш аракеттер жүргүзүлсүн.
6. Айыл аймактын айылдарында малдарды индентификациялоо иштерин жүргүзүү жана малдарды жугуштуу ооруларга карата эмдөө максатында малдардын так санын алуу жана жугуштуу ооруларга каршы эмдөөнү өз убагында толук жүргүзүү жагы вет.адис К. Жумабековго, жеке ветадистерге жана Үч-Терек жайыт пайдалануучуларынын жайыт комитетинин төрагасы Ж,Сатыбаевге милдеттендирилсин.
7. Жеке вет.адистер менен вет.врач К.Жумабековдун ортосунда эмгек келишимдери түзүлсүн жана түзүлгөн келишимде алардын элге кызмат көрсөтүүдөгү милдеттери толук жана так көрсөтүлсүн.
8. Маданият, дене-тарбия жана спортту өнүктүрүүдө аймактык денгээлде ар кандай спорттук мелдештерди жана маданий иш чараларды уюштуруу жана өткөрүү жагы айылдык клубдардын жетекчилери,айыл өкмөттүн жаштар уюуму жана дене-тарбия мугалимдери менен бирдикте уюштурулсун.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Тойтиевага тапышырлсын.
10. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
11. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрайым | Ж. Сейдалиева |