Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-марты № 14
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтү боюнча 2016-жылга жалпы бюджет 8 млн.464,0 миң сомго бекитилген.Мунун ичинен: Жергиликтүү бюджет 8 млн. 464,0 миң сом.Теңдештирүү гранттан 6 млн.600,0 миң сом.Атайын каражаттан 1 млн.171,200 миң сом.Бардыгы 9 млн. 635,200 миң сом.
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2016-жыл ичинде накталай бюджетинин аткарылышы 18 млн. 494,0 миң сомго аткарлыган.Мунун ичинен жергиликтүү бюджет 11 млн.894,0 миң сом. Теңдештирүү гранттан 6 млн.600,0 миң сом.Атайын каражат 2 млн.182,655 миң сом. Бардыгы 18 млн.494,0 миң сом.Жергиликтүү бюджет план боюнча атайын каражат кошулбаганда 7 млн.627,0 миң сом каралса накталай 7 млн.835,600 миң сом болуп 102,7 % ке аткарылган 208,600 миң сомго ашык аткарылган..Атайын каражат 1 млн.171,200 миң сом пландаштырылса,накталай 2 млн.182,600 миң сомго аткарылып 110, % ке аткарылган.
Жогорудагыларды белгилеп Үч Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин аткарылышы канат-тандыраарлык деп табылсын.
2. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрайым | Ж. Сейдалиева |