Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-марты № 15
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтү боюнча 2017 - жылга жергиликтүү жана Республикалык бюджетинин түзүлүшү төмөндөгүчө болду.
Жергиликтүү бюджетке салык жана башка ар түрдүү тармактардан түшүүчү акча каражаты 6895,0 миң сом. Республикалык бюджеттен 4928,7 миң сом.Атайын каражаттан түшүүчү каражат 1175,0 миң сом. Жалпы 12998,7 миң сом киреше булагын түзөт.Мунун ичинен: Кирешелердин түрлөрү Салык агенттеринен алынуучу киреше салыгы 2 млн.613,0 сом, Патенттик негизинде алынуучу киреше салыгы 570,0 сом, Жер участкасынан пайдалануу салыгы 210,0 сом, айыл чарбасына багытталган жер салыгы 316,0 сом, айыл чарбасына багытталбаган жер салыгы 1 млн.85,0 сом, Сатуудан алынуучу салык 1 млн.510,0 сом, Кыймылдуу мүлк салыгы ( транспорт) 220,0 сом, Кыймылсыз мүлк салыгы 6000 сом, КБФ жер салыгы 295,0сом, Милдеттүү патент салыгы 10,0 сом, Атайын каражат 1 млн.175,0 сом,лицензия кармаган үчүн 50,0 миң сом, Роялти 10,0 сом, Атайын каражатсыз 6 млн.895,0 сом, Жалпы салыктын түрлөрү 8 млн.70,0 миң сом, Тендештирүү гранттан 4 млн.928,700 миң сом. Жалпы 12 млн.998,700 миң. сом.
Жергиликтүү жана Республикалык бюджеттен түшкөн акча каражаты 11 млн.823,700 миң сом сметалык чыгым боюнча төмөндөгү тармактарга жумшалат. Республикалык бюджеттен 4 млн.928,700 миң сом. Теңдештирүү гранттан аппаратка 4 млн.928,700 миң сом.Жергиликтүү бюджеттен : китепканага 482,600 миң сом,клубка 797,6 миң сом,орто мектептерге ремонтуна 122,0 миң сом,балдар бакчаларга 230,0 миң сом, башталгыч мектеп 35,0 миң сом, жеңилдиктер 60,0 миң сом.Бардыгы 558,400 миң сом.Атайын каражаттан аппаратка 124,300 миң сом.Балдар бакчасына 1050,700 мин сом.
Бардыгы 1 млн.175 миң сом. Бардык чыгым атайын каражатты кошкондо айыл өкмөт боюнча 12 млн.998,700 миң сом, мындан сырткары бардык чыгым жылдын башындагы калдыкты кошкондо 13 млн.003,200 миң сомду түзөт.
Жогорудагыларды белгилеп Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги V- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн жалпы суммасы 13003,200 миң сомго бекитилсин, мунун ичинен кирешелердин түрлөрү Салык агенттеринен алынуучу киреше салыгы 2 млн.613,0 миң сом, Патенттик негизинде алынуучу киреше салыгы 570,0 миң. сом, Жер участкасынан пайдалануу салыгы,210,0 миң сом , айыл чарбасына багытталган жер салыгы 316,0 миң сом,айыл чарбасына багытталбаган жер салыгы 1 млн.85,0 миң. сом, Сатуудан алынуучу салык 1 млн.510,0 миң. сом,Кыймылдуу мүлк салыгы (транспорт) 220,0миң сом, Кыймылсыз мүлк салыгы 6000 миң.сом, КБФ жер салыгы 295,0 миң.сом,Милдеттүү патент салыгы 10,0 миң. сом , Атайын каражат 1 млн.175,0 миң. сом, Лицензия кармаган үчүн 50,0 миң.сом, Роялти 10,0, миң.сом.Атайын каражатсыз 6 млн.895,0 миң.сом.Жалпы салыктын түрлөрү 8 млн.70,0 миң сом.Республикалык бюджеттен 4928,700 миң сом.Бардыгы 1.2998,700 миң сомго бекитилсин.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 1-январь 2017-жылга бюджеттик счетунда калган 4500 миң сом жана 2017-жылдагы киреше булактарынан чогулган 8070,0 миң сомду кошкондо бардыгы 13 млн.003,200 миң сом төмөнкү тармактарга жумшалсын. Аппаратка 6 млн.928,100 миң сом,китепканага 638,100 миң сом,клубка 1.080,100 миң сом,орто мектептерге 2.142,300 миң сом,балдар бакчаларга 630,0 миң сом,баталгыч 169,500 миң сом, жеңилдиктер 60,0 миң сом. Жалпы 12 млн 998,700 миң сом.
3. Атайын каражатынын эсебине түшүүчү 1 млн.175,0 миң сом акча каражаты төмөнкү тармактарга жумшалат.
Аппаратка 124,300 миң сом,балдар бакчасына 1 млн.050,700 миң сом.Бардыгы 1 млн.175,0 миң сом.
4. Айыл өкмөттүн 2017-жылга кошумча электр энергиясына 2 млн.256,900 миң сом, көмүр сатып алуу үчүн 200,0 миң сом,айыл өкмөттүн ар кандай чарбалык жумуштары үчүн 481,800 миң сом , мектептердин учурдагы ремонт иштери үчүн 387,0 миң сом. Жалпысынан 7 млн.700,0 миң сомдук акча каражатынын жетишпестигин чечип берүү жагы Токтогул райондук финансы бөлүмүнөн жана Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинен суралсын.
5. Сметада каралган акча каражаттарын статьялар боюнча өз багытында жумшоо жагы башкы бухгалтер К.Көкөевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрайым | Ж. Сейдалиева |