Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-марты № 16
Жайыт комитетинин 2016-жылга отчету жана 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Үч-Терек жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитети 2016-жылга түзүлгөн план бюджетинин аткарылышы боюнча жайыттар жөнүндөгү мыйзамды ишке ашыруу максатында иштерди жүргүзүлүп келүүдө. Жайыт пайдалануучулар жана эл арасында атайын жайыттын баа нарктары боюнча айыл өкмөт менен биргеликте чогулуштар ар бир айылдарда өткөрүлдү. Жайыттарды башкаруу максаттуу түрдө пайдалануу боюнча 96 адамга жайыт билеттери берилип, бадачылар менен эки тараптуу келишимдер түзүлүп, жайыт акыларын милдеттүү түрдө төгүүгө макулдашылган.Жайыт комитети 2016-жылы бюджетке 739,086 (жети жүз отуз тогуз миң ) сом чогултуп, мындан жер салыкка 234,0 миң сом, соц.фондко 51,0 сом, сатуудан түшүүчү салык 16,970миң сом, Айлык акы үчүн 142,435 миң сом.сом чегерилген,ал эми жайыт инфраструктурасын оңдоого 75,0 миң.сом, Шылдырак жайлоосунун жолу,көпүрөсү оңдолуп берилди, кошумча адам жана мал өтүүчү 2 көпүрө салынып берилди.Кекилик,Сасык булактары тазаланып ноолору коюлуп жалпы суммасы 31,200 миң.сом материал алынып берилген жана жумушчу күч жумшалды.Кара-Суу жолдорун оңдоо үчүн селден түшкөн шагылдарын тазалоо 21,660 мин.сомдук иш аткарылды.Такталык,Упа-Булак жолдорун оңдоо иштерине 5600 сомдук солярка алынып берилди.
2017-жылдын 1-январына 114,0 миң сом калдык калган. Үч-Терек айылдык кеңешинин 2016-жылдын 13-октябрындагы № 194 токтомунун негизинде гранттык счетко 5 % жамаатык салым үчүн 53,466 миң.сом турат.
2017-жылга жайыт комитетинн бюджети 941,777,миң сомго пландаштырылды,мунун ичинен жайыт салыгы үчүн 232,045 миң.сом,соц.фондго 39,330 миң.сом,сатуудан түшүүчү салык 27,392 миң.сом,жалпы эмгек акыга 228,0 миң.сом.Жайыт инфраструктурасын жакшыртуу үчүн 387,011 миң.сом. Жогорудагыларды белгилеп Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги V- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек жайыт комитетинин 2016-жылдагы жүргүзгөн иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Үч-Терек айыл аймагындагы жайыт комитетинин киреше чыгашасы Кыргыз Республикасынын 2011 жылдын 28-декабрындагы № 254, 2016 жылдын 7-майындагы № 56 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык жана 2017-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 48 «Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери» беренесинин 10 пунктуна ылайык, жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөм жайыт салыгын кошпогондо жайыт комитетинин бюджети 941,777 (тогуз жүз кырк бир миң жети жүз жетимиш жети миң) сомго бекитилсин.
3. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине жайыт пайдалануучулардан түшкөн каражаттарын жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жайыт комитетине жүктөлсүн.
4. Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2 долбоорунун алкагында атайын техника сатып алуу боюнча кичи долбоордун негизинде жалпы суммасы 3243000(үч милион эки жүз кырк үч миң) сом мунун ичинен ПРЖР долбоорунан алынуучу грант 2432250(эки миллион төрт жүз отуз эки миң эки жүз элүү ) сом, коомчулуктун 25% тинин накталай салымы 810750 (сегиз жүз он миң жети жүз элүү) сом акча каражаты айыл өкмөт тарабынан каржылансын.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрайым | Ж. Сейдалиева |