Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-марты № 17
Айыл өкмөтүнүн карамагында калтырылган мамлекеттик кайра бөлүштүүү фонддун жерлеринин ижарага кайрадан берүү жөнүндө
Фонддун жерлерин ижарага түз берүү боюнча жер адиси К.Абазовдун билдирүүсүн негиздеп Үч-Терек айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер маселесине байланышкан маселелерди чечүү үчүн айыл өкмөтүндө курамы 15 адамдан турган жер комиссиясы түзүлсүн.
2. Фонддун жерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде ар бир айылдагы фонддун жерлери керектөөчү жарандарга түз берүү ыкмасы менен берүү жагы жактырылсын жана ижарага берилген жерлерге бардык айылдарга 1000 сомдон кошумча акча каражатын кошуу белгиленсин.
3. Жердин асылдуулугуна, суу менен камсыздалышына, түшүмдүүлүктүн сапатына жараша Үч-Терек айылындагы Кум-Ой участкасындагы № 83 контурдагы 13,40 га, жердин 1 га жедин баасы 6500 миң сомдон, № 87-контурундагы 13,0 га жердин баасы 5000 миң сом, №80 контурундагы 3,0 га жердин баасы 4000 миң сом, № 28 контурундагы 3,30 га жердин баасы 3500 миң сом,№ 88 контурдагы 9,70 га жердин баасы 5000 миң сом, рабкооптун алдындагы 2,1 га жердин баасы 6000 миң сомдон,Саргата айылындагы Көк-Жар участкасындагы 14,0 га жердин баасы 3500 сомдон,0,70 га жердин баасы 2500 баасы, Сары-Таш суу түтүкчөсүндөгү 5,0 га жердин баасы 5000 миң сом,жолдун алдынкы бөлүгүндөгү 6,0 га жердин баасы 4500 миң сом, ал эми жогорку зоонадагы Жетиген айылынын фонддо калган жерлеринин 1,га жердин баасы 1500 сомдон, Кызыл-Ураан айылынын фонддо калган жерлеринин баасы 1 га жеринин баасы 1500 сомдон болуп бекитилсин.
4. Фонддун жерлеринин ижара акысын жана жер салыгын өз убагында чогултуп, жергиликтүү бюджетке түшүрүү жагы салык инспектору А.Ырысбаевге,соц.фонддун, соц.фонддун филалынын башчысына төгүү жагы арендаторлорго милдеттендирилсин.
5. Кайрак үлүш жерлерди аныктап,үлүш ээлерине бөлүп берүү жагы Токтогул райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнөн суралсын.
6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Агрардык азык-түлүк, жер, курулуш, байланыш, энергетика жана экология көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрайым | Ж. Сейдалиева |
Жер маселесине байланышкан маселелерди чечүү үчүн айыл өкмөтүндө жер комиссиясынын
КУРАМЫ.
Казимидинов Жайлообай-айыл өкмөт башчысынын орун басары,Комиссиянын төрагасы
МҮЧӨЛӨРҮ:
Абазов Калыбай -жер адиси
Акаев Алмаз -айылдык кеңештин депутаты
Байсабаев Асылбек -айылдык кеңештин депутаты
Кадыров Марат -айылдык кеңештин депутаты
Оморов Тойчубек -айылдык кеңештин депутаты
Сатыбаев Жекше -жайыт комитетинин төрагасы
Тезекбаев Алиш -эмгек ардагери
Шамшиев Тыныч - жаштар уюмунун мүчөсү
Талканчиев Чабан -Жетиген айылынын айыл башчысы
Качкынбаев Элмир -Кызыл-Ураан айылынын айыл башчысы
Келгенбаев Майрамбек -Саргата айылынын айыл башчысы
Чолпонкулов Мурат -Мелиоратор дыйкан чарбасынын башчысы
Урматаев Тагай -айылдык кеңештин депутаты
Көкүлөв Мурат -айылдын тургуну
Жооптуу катчы: Д.Уркуналиева