Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-марты № 19
Үч-Терек инженердик техникалары ишканасынын 2016-жылга отчету жана 2017-жылга иш планын, бюджетин кароо жөнүндө
Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Оморовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Үч-Терек инженердик техникалары» ишканасынын жетекчиси Б. Ажыкуловдун 2016-жыл ичинде жүргүзүлгөн иштери боюнча маалыматы эске алынсын.
2. «Үч-Терек инженердик техникалары» ишканасы 2017-жылга аткарылуучу иш планын сметасы бекитилсин.
3. Техникалардын оң абалда иштөөсүн камсыз кылуу менен бирге техникалардын коопсуздугун сактоо,мыйзам чегинде иш алып баруу жагы «УИТ» ишканасынын жетекчиси Э.Качкынбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрайым | Ж. Сейдалиева |