Редакцияот 27.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Терек айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы

 

2017-жылдын 27-марты № 20

Үч-Терек айылдык кеңешинин төрайымына жылына бир жолу компенсация төлөп берүү жөнүндө

Үч-Терек айылдык кеңешинин депутаты К.Көкөевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 6-пунктун негиздеп Айылдык кеңештин төрайымы Ж.Сейдалиевага милдеттерин коомдук негизде бирок айылдык кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолу компенсациясын төлөп берүү башкы бухгалтер К.Көкөевге милдеттендирилсин.

2. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрайым

Ж. Сейдалиева