Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-апрели № 22
«Байбиче-Булак» СОВП таза суусуна элдик салымдан чогулган акчаны «Бостектир» таза суусуна которуу жөнүндө
Кызыл-Ураан айылынын «Байбиче- Булак» СОВП таза суусуна элдик салымдан чогулган акчаны ушул эле айылдын Бостектир участогуна таза суу чыгаруу боюнча стим. гранттан таза сууга өткөндүктөн Бостектир таза суусуна которуп берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын орун басары Ж.Казимидиновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин кезексиз VI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Ураан айылынын «Байбиче- Булак» СОВП таза суусуна элдик салымдан чогулган акчаны ушул эле айылдын Бостектир участогуна таза суу чыгаруу боюнча стим. гранттан таза сууга өткөндүктөн Үч-Терек айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын эсебинен 540,435 ( беш жүз кырк миң төрт жүз отуз беш ) сом акча каражаты которулуп берилсин.
2. Бостектир таза суусуна акча каражатын которуп берүү «Байбиче-Булак» СОВП таза суусунун башчысы Ж.Абдыкадыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрайым | Ж. Сейдалиева |