Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-апрели № 23
«Үч-Терек инженердик техникалары» ишканасынын алдында таза суу жана сугат суу,тазалыкты сактоо боюнча 12 штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
«Үч-Терек инженердик техникалары» ишканасынын Уставына өзгөртүү киргизүү жана айыл өкмөтүнүн сунушу менен «Үч-Терек инженердик техникалары» ишканасынын алдында таза суу жана сугат суу,тазалыкты сактоо боюнча 12 штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө башкы бухгалтер К.Көкөевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин кезексиз VI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн алдындагы «Үч-Терек инженердик техникалары» ишканасынын Уставына өзгөртүү киргизилсин жана айыл өкмөтүнүн сунушу менен «Үч-Терек инженердик техникалары» ишканасынын алдында таза суу жана сугат суу,тазалыкты сактоо боюнча 12 штаттык бирдиги бекитилсин жана эмгек акысы жергиликтүү бюджеттин 25221100 статьясынан которуп берүү жолу менен төлөнсүн.
2. Айыл өкмөттүн алдындагы «Үч-Терек инжинердик техникалары» ишканасынын 2017-жылдын 27-мартындагы № 19 токтому менен 2017-жылга бекитилген сметасына жаңы штат бирдиги киргизилгендигине байланыштуу өзгөртүү киргизилсин.
3. «Үч-Терек инженердик техникалары» ишканасынын алдында таза суу жана сугат суу, тазалыкты сактоо боюнча 12 штаттык бирдигине эмгек акысын өз убагында жергиликтүү бюджеттин 25221100 статьясынан которуп берип туруу жагы башкы бухгалтер К.Көкөевге милдеттендирилсин..
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрайым | Ж. Сейдалиева |