Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-апрели № 25
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын элинин карамагындагы малдарды көзөмөлгө алуу үчүн жооптуу адамдарды дайындоо жана айылдарда айдоо жерлерге түшкөн малдарга,суугат сууга, таштандыларды мыйзамсыз төккөндөргө айып пул салуу жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда айдоо, үлүш жерлерге түшкөн малдарга жана мыйзамсыз суугат суу жыккандарга, таштандыларды туура эмес жайларга таштагандарга айып пул салуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кенешинин VII- чакырылышынын кезекcиз VI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда айдоо үлүш, огород жерлерине түшкөн малдарга Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин айыл чарбасындагы администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү 185-статьянын негизинде Айдоолорду майкандоо, талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруу же жок кылуу, менчигинин түрүнө карабастан малдын же канаттуулардын айдоолорду майкандоосу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруусу же жок кылуусу, - эң аз айлык акынын бирден үч өлчөмүнө чейин администрациялык айып, Айдоолордон же бак-дарак-тардан араба менен өтүү,-эң аз айлык акынын эки өлчөмүнө чейин администрациялык айып , айдоолордон автомобиль же трактор, комбайн жана башка транспорт каражаттары менен өтүү -эң аз айлык акынын экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып,ушул статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса,- эң аз айлык акынын бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салуу,администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин негизинде жүргүзүлсүн.
2. Огород, айдоо, үлүш жерлерине түшкөн малдын камалганын айыл өкмөттүн кеңсесиндеги жарнактарды илүү тактасына билдирүүсүн илүү жана камалган малдар өлсө жоопкерчилигине кароолчу жооп бербейт.
3. Ар бир айылдарда ФПСтин, үлүш жерлерге огороддорго корук маалында түшкөн малдардын келтирген зыяндарын аныктап жана жер ээлерине чыгымдарды төлөтүп берүү жагы айыл башчыларына милдеттендирилсин.
4. Камалган малга чегерилген айып пулун төлөп берүү жагы мал ээсине милдеттендирилсин.
5. Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 489-статьясынын негизинде, Таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштоо,күйгүзүү - эң аз айлык акы-нын 0,1 өлчөмүнөн 0,5 өлчөмүнө чейин администрациялык айып, Өндүрүштүк таштандыларды жана башка буюмзаттарды белгиленбеген жерлерге таштоо, күйгүзүү -кызмат адамдарына эң аз айлык акынын ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салуу администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү кодекстин негизинде мыйзам чегинде иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө, айыл башчыларына милдеттендирилсин.
6. Суугат суу мезгилинде мыйзамсыз суу жыгып алган жарандарга администрация- лык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 119-статьясынын негизинде Сууну пайдалануу эрежелерин бузгандарга –жарандарга эң аз айлык акынын бирден беш,кызмат адамдарына - бештен жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салуу белгиленсин жана мыйзамдын негизинде иш алып баруу жагы УОСтун кызматкерлерине, айыл башчыларына, айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Казимидиновго милдеттендирилсин.
8. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
9. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрайым | Ж. Сейдалиева |