Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-декабры № 23/1
№42 С. Ашимов жана И. Умаров атындагы орто мектептериндеги билим берүүнүн сапаты жөнүндө аткарган жана жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө
№42 С. Ашимов жана И. Умаров атындагы орто мектептериндеги билим берүүнүн сапаты жөнүндө аткарган жана жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Соороновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 5 – чакырылышынын 23 – кезектеги заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №42 С. Ашимов жана И. Умаров атындагы орто мектептериндеги билим берүүнүн сапаты жөнүндө аткарган жана жүргүзгөн иштеринде бир топ жетишкендиктери, уюштуручулук иштери бар экендиги менен кошо кемчилидиктер кетирилгендиги белгиленсин.
2. Мектептерде жаңы технологиялык багыттар менен билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, жаңы алдынкы иш тажрыйбаларды кеңири жайылтуу, мектептердеги усулдук каналардын бирикмелердин ишин алдыга жылдыруу, олимпиадалык борборлордун натыйжалуулуктарын камсыз кылуу, ата-энелер комитетеринин ишин учурдун талабына ылайык жакшыртуу жагы мектеп директорлору А. Адапбаевге жана З. Эрматовго милдеттендирилсин.
3. Мугалимдердин өз билимин өркүндөтүүсүн, өз ара сабакка катышуусун жана окуу жайын жаңыдан бүтүп келген жаш кадырлардын кесиптик тажырыйбасын өркүндөтүү чараларын көрүү жагын кароо мектеп директорлору А. Адапбаевге жана З. Эрматовго милдеттендирилсин.
4. Мектептерде бардык предметтерден үзгүлтүксүз тест менен иштөө өркүндөтүлсүн, окуучуларга сапаттуу билим татуктуу тарбия берүүнүн эң негизги окуу куралы болгон китептер менен толук камсыз кылуу, кошумча билим берүү кызматын уюштуруу жана өркүндөтүү мектеп директорлору А. Адапбаевге жана З. Эрматовго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу мектеп директорлору А. Адапбаевге жана З. Эрматовго жана аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | З. Эрматов |