Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-декабры № 23/2
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн калкын социалдык жактан коргоо иштеринин абалы жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн калкын социалдык жактан коргоо иштеринин абалы жөнүндө туруктуу комиссиянын мүчөсү Д. Джусуевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 5 – чакырылышынын 23 – кезектеги заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн калкын социалдык жактан коргоо иштеринде бир топ алгылыктуу жетишкендиктер бар белгиленсин.
2. Аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө мамлекеттик жөлөк пулдарын чегерүүдө Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жөлөк пулдарды чектөө жөнүндөгү мыйзамына ылайык» иш алып баруу жагы соц. кызматкер Б. Атыровага милдеттендирилсин.
3. Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колдоо көрсөтүп турмуш шартынан ар дайым кабардар болуу, турмуш тиричилик жактан тейлөө кызматтарын акысыз уюштуруу, майыптарды колдоо үчүн спонсорлор менен сүйлөшүү соц. кызматкер Б. Атыровага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловго, көзөмөлдөө туруктуу комиссияга милдеттендирилсин .
Төрага | З. Эрматов |