Загрузка документа…
ЧОӉ-АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-марты №11/1
Чон-Алай районунун 2011-жылга райондук бюджетин бекитүү жөнүндө
1. Чон-алай районунун 2011-жылга райондук бюджети жөнүндөгү Чон-Алай райондук каржы бөлүмүнүн башчысы Б.Пазыловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Чон-Алай райондук кенешинин (бешинчи чакырылыштагы) ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2. Чон-Алай районунун 2011-жылга райондук бюджети жөнүндөгү Чон-Алай райондук каржы бөлүмүнүн башчысы Б.Пазыловдун билдирүүсү эске алынсын.
Чон-Алай районунун 2011-жылга райондук бюджетинин киреше бөлүгү 18133,9 мин сомго бекитилсин.
- категориялдык грант 1784,4мин сом
-тендештирүүчү грант 13186,5 мин сом
-жергиликтүү киреше 3163,0 мин сом
3. Чон-Алай районунун 2011-жылга райондук бюджетинин чыгаша бөлүгү 18133,9мин сомго бекитилсин.
4. Жалпы районго түшкөн киреше салыктын (подоход налог) 30% менен сатуудан түшкөн салыктын 25% дык өлчөмүндө райондук бюджетке чегерилсин.
5. 2010-жылда райондук бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча аткаргандыгынын эсебинен 2011-жылдын 1-январына карата райондук бюджеттин эсебинде калган 209735,04 сом 2011-жылдын бюджетинин айрым статяларын каржылоого уруксат берилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук каржы бөлүмүнүн башчысы Б.Пазыловго жана Чон-Алай райондук кенешинин алдындагы «Бюджет» боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Калбаевге тапшырылсын.
Чон-Алай райондук кеӊешинин төрагасы |
Д.Молдоболотов |