Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-декабры № 23/3
Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө жалпыга милдетүү аскердик кызмат жөнүндө мыйзамдын аткарылышынын абалы жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө жалпыга милдетүү аскердик кызмат жөнүндө мыйзамдын аткарылышынын абалы жөнүндө. туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Соороновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 23 – кезектеги заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө «Жалпыга милдетүү аскердик кызмат жөнүндө» мыйзамдын негизинде бир топ иштер аткарылгандыгы белгиленсин.
2.Жаңы-Алай айыл өкмөтүндөгү мекеме иш-каналарда иштеген аскерге милдетүүлөрдү аскердик каттоосун так жана өз убагында жүргүзүү, аскердик катоодо турган аскерге милдетүүлөрдүн үй бүлөлүк абалы жашаган жери кызматтык абалы өзгөрсө өздүк карточкага (форма Т-2) өзгөртүү киргизүү аскер комиссариятына билдирүү жагы ВУС инспекторлору С. Матисаковго жана Т. Нуридиновторго милдеттендирилсин.
3. .Катардагы кызматка жараксыз болгон аскерге милдетүүлөрдү кайрадан медициналык кароодон өткөрүү, жазгы, күзгү чакырууларды өз мезгилинде жүргүзүү, альтернативдик кызматта жүргөн атуулдардын төлөмдөрүн өз мезгилинде төктүрүү жагы ВУС инспекторлору С. Матисаковго жана Т. Нуридиновторго милдеттендирилсин..
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловго, көзөмөлдөө туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | З. Эрматов |