Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-декабры № 23/4
Айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин иштетүү жана ижарага берүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин иштетүү жана ижарага берүү үчүн жер комиссиясынын курамындагы кээ бир кызматкерлердин жумуштан бошоп кеткендигине байланыштуу комиссиянын курамын кайрадан түзүү жөнүндөгү жер адиси А.Арзыкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаны - Алай айылдык Кеңешинин 5 - шайланган кезектеги 23 - заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин иштетүү жана ижарага берүү үчүн жер комиссиясынын курамындагы кээ бир кызматкерлердин жумуштан бошоп кеткендиги байланыштуу комиссиянын курамынына кайрадан түзөтүү киригизилсин.
2. Айыл өкмөтүнө караштуу кайра болуштуруу фондусунун жерлерин иштетүү жана берүү боюнча төмөндөгүдөй курамда жер комиссиясы тузулсун:
Латипов.Ж.айылдык кенештин депутаты - комиссиянын төрагасы;
2. Жоробаев :айылдык кенештин депутаты - комиссиянын мүчөсү;
3. Эшиев Б. айылдык кенештин депутаты - комиссиянын мүчөсү;
4. Исмаилов.А айыл өкмөттүн башчысы - комиссиянын мүчөсү;
5. Нуридинов.Н КЭБ башчы - комиссиянын мүчөсү;
6. Арзыкулов.А жер адиси - комиссиянын мүчөсү;
7. Матисаков.С- салыктар жана төлөмдөр боюнча инспектор- комиссиянын мүчөсү;
8. Адылов.С- айыл башчы - комиссиянын мүчөсү;
9. Р.Абдыкулов – айыл башчы - комиссиянын мүчөсү;
4. Жер коммиссиясынын мүчөлөрү жана тоорука (аукцион) конкруска катышуучулар менен бирдикте төмөнкүдөй алгачкы баага токтолсун
суулу жер 1га-4000сом
Кайракы Мады учаскасы 1га-300 сом
Миялы- 1га-200сом
Жаңы-Арык -1га-300сом
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | З. Эрматов |