Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-ноябры № 27/1
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) депутаттарынын жүргүзгөн иштери жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXVII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) депутаттарынын жүргүзгөн иштери жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) депутаттарынын жүргүзгөн иштери жөнүндөгү маалымат эске алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А.А. Насиров |
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) депутаттары тарабынын аткарылган иштер жөнүндө маалымат
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) депутаттары тарабынан 2012- 2016-жылдар ичинде 26 жолу сессия өткөрүлдү, анын ичинен 2 кезексиз сессия өткөрүлдү.
Өткөрүлгөн сессиялардын отурумдарында 154 маселе каралды, анын ичинен 63 бекитилген иш планына ылайык маселе, 91 ар түрдүү маселелер каралды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) 2012-жылдын 28-декабрында I уюштуруу сессиясынын отурумунда Өзгөн шаардык кеңешинин V чакырылышынын депутаттарынын ыйгарым укуктарын бекитүү, Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) Регламентин бекитүү, Өзгөн шаардык кеңешинин V чакырылышынын төрагасын шайлоо, Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) төрагасынын орун басарларын шайлоо, Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) структурасын бекитүү жөнүндөгү маселелер каралып токтомдор кабыл алынды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) II сессиясынын отурумунда Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) туруктуу комиссияларынын курамын бекитүү, Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) 2013-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндөгү маселелер каралып токтомдор кабыл алынды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) III сессиясынын отурумунда Өзгөн шаарынын 2012-жылга карата бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылга карата шаардын бюджетин бекитүү, Өзгөн шаарынын мэри П.Мавляновдун Өзгөн шаарынын 2012-жылдагы социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылууда жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету, Өзгөн шаарынын 2012-жылдагы социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын аткарылышы жана 2013-2017-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасы менен 2013-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесин бекитүү, убактылуу пайдалануу үчүн алган жерлердин ижара акысын эсептөө үчүн жаңы коэффиценттерди бекитүү, Өзгөн шаарындагы айыл чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгын эсептөө үчүн зоналдык коэффиценттерди бекитүү, муниципалдык менчиктеги жерлерди сатуу жана ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндөгү маселелер каралып токтомдор кабыл алынды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) IV сессиясынын отурумунда Архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жүргүзгөн иштери, МММБ департаментинин жүргүзгөн иштери жөнүндөгү маселелер каралып токтомдор кабыл алынды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) V сессиясынын отурумунда «Өзгөн тазалык» муниципалдык ишканасынын 2012-жылда шаардын тазалыгын камсыз кылууда жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жакшыртууда жүргүзгөн иштери, Өзгөн шаардык кеңешинин токтомдорунун жана депутаттар тарабынан берилген сын-сунуштар, талаптардын аткарылышы, “Көрнөк-жарнактарды орнотуу эрежелери” жөнүндөгү жобону бекитүү, Өзгөн шаарынын муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинин директору кызмат ордуна шаар мэриясынын сунушун бекитүү жөнүндөгү маселелер каралып токтомдор кабыл алынды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) VI сессиясынын отурумунда “Өзгөн таза суу” муниципалдык ишканасынын шаардын калкын таза суу менен камсыз кылууда 2012-жыл ичинде жүргүзгөн иштери, Өзгөн шаарынын “Н.Азнабакиев” атындагы балдар эс алуу багынын элге кызмат көрсөтүүдөгү жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү маселелер каралып токтомдор кабыл алынды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) VII сессиянын отурумунда ачык сессияларды өткөрүү боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин жобосун бекитүү, Өзгөн шаарынын “Жаңы-Хаят” участкасындагы 9,0 га жерди муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү, Өзгөн шаарынын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен каржылоого макулдук берүү, Өзгөн шаарынын “Жаңы-Хаят”участкасында АРИСтин колдоосу менен курулуучу ФАП үчүн “Биргелешкен мониторинг жана баа берүү тобунун” курамын түзүү, Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Абдурахманов Хатамжан Омаралиевичтин депутаттык ыйгарым укуктарын өз мөөнөтүнөн мурда токтотуу, Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарынын шаардын шайлоочууларын кабыл алуу графигин түзүү жөнүндөгү маселелер каралып токтомдор кабыл алынды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) VIII сессиясынын отурумунда Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылууда Өзгөн шаарынын мэри П. Мавляновдун 2013-жылдын 6 айында жүргүзгөн иштери тууралуу отчету, жергиликтүү бюджеттин 2013-жылдын 6 айындагы аткарылышынын боюнча Өзгөн шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы М.Розахуновдун отчету жөнүндөгү маселелер каралып токтомдор кабыл алынды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) IX сессиясынын отурумунда Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн мектептерде жана балдар бакчаларында сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берүүсү, 2013-2014-жылдарга күз-кыш мезгилине карата жылытуу иштерин жүргүзүлүшү, Өзгөн райондук паспорт виза бөлүмүнүн шаардын калкын тейлеп, кызмат көрсөтүүдө жүргүзүп жаткан иштери, шаардагы билим берүү бөлүмүнө караштуу мектеп жана балдар бакчаларындагы негизги каражаттар жана инвентарларды эсептен чыгарууга (списания) макулдук берүү, “Жүзүмзар” кварталындагы мечит куруу үчүн калтырылган муниципалдык жердин ордун алмаштыруу, “Тамеки” айыл чарба кооперативине караштуу спорт комплексин муниципалдык менчикке сатып алууга макулдук берүү, шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын турган имаратын учурдагы оңдоо үчүн каражат берүү, шаардагы 17 аялдамалардын документтерин даярдоого каражат бөлүү, мектептерге кошумча компьютерлер сатып алып берүү, Тешебаев Хусанбайдын депутаттык мандатын бекитүү, Өзгөн шаардык дин боюнча коомдук комиссиянын жобосун бекитүү, “Жергиликтүү жамааттар күнүнө карата акчалай сыйлоо”, МММБ департаментине кошумча каражат бөлүү, кызматкерлерге компьютердик зыяндуулук үчүн кошумча каражат бөлүү, мүлк жана жер салыгын киргизүү, Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги 8 сессиясынын отурумунда депутаттар тарабынан айтылган суроо-талаптарынын аткарылышы боюнча маалымат, стоянка ачуу, жолдорду асфальтоо, соттун турган жерин балдар бакчасына берүү жөнүндөгү маселелер каралып токтомдор кабыл алынды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) X сессиясынын отурумунда Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштери, Өзгөн шаардык милиция бөлүмчөсүнүн шаардагы кылмыштуулуктун алдын алуудагы, коомдук тартипти сактоодогу жүргүзүп жаткан иштери, Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасынын жыл ичинде жүргүзгөн иши жөнүндөгү отчету, мүлк жана жер салыгын киргизүү, Өзгөн аймактык ооруканасына кошумча септик куруу үчүн каражат бөлүп берүү, Өзгөн шаарындагы сырткы жарнак, маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалуу эрежелери боюнча жобону бекитүү, “Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасына кошумча каражат бөлүү, шаардык каржы бөлүмүнө 1С казна программасын киргизүү үчүн каражат бөлүп берүү, “Жаңы-Өзгөн” кварталдык комитетине столба жана зым сатып алуу үчүн каражат берүү, шаардагы көрүстөндөрдү муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндөгү маселелер каралып токтомдор кабыл алынды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) XI сессиясында Өзгөн шаарынын вице-мэрлеринин жана МММБ департаментинин 2013-жылда аткарган иштери, Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) 2014-жылга иш планын бекитүү, Өзгөн шаарынын аймагындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди сатуу, ижарага берүү жана Өзгөн шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу боюнча комиссиянын курамын бекитүү, Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Н.Курбановдун мандатын бекитүү маселелери каралды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) XII сессиясында Өзгөн шаарынын 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга шаардын бюджетин бекитүү, Өзгөн шаарынын 2014-2017-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасын бекитүү маселелери каралды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) XIII сессиясында «Өзгөн тазалык» муниципалдык ишканасынын 2013-жылы шаардын тазалыгын камсыз кылууда жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жакшыртууда жүргүзгөн иштери, Сыдык Маматов атындагы балдардын музыкалык мектебинин окуучуларга татыктуу билим берүүдө жүргүзүп жаткан иштери, Өзгөн шаарындагы бюджеттик мекемелердин сметасына тактоо киргизүү, Өзгөн шаарынын аймагындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди сатуу, ижарага берүү жана Өзгөн шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү, Өзгөн шаарынын Ильичевск көчөсүнө эмгектин ардагери маркум Иминов Абдураимдин ысымын ыйгаруу, «Өзгөн Таза-Суу» МИ шаардын элин таза суу менен камсыздоодо жүргүзүп жаткан иштерин текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын курамын бекитүү, Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарынын шаардагы санитардык-эпидиомологиялык абалды, коомго жат көрүнүштөрдү көзөмөлдөө боюнча элден түшүп жаткан арыз-даттануулардын негизиндеги сунуштарын эске алуу маселелери каралды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) XIV сессиясында шаардын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү, коомдук өз алдынча башкаруулардын (ТОСтордун) аймагынын чек араларын бекитүү, Өзгөн шаарынын бюджетинин 2014-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы боюнча Өзгөн шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы М.Розахуновдун отчету, Япон элчилигинин гранттык долбоорунун негизинде бюджеттин киреше бөлүгүнө тактоо киргизүү, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2014-жылдын 6 айындагы ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча каражат бөлүү, «Өзгөн Таза-Суу» МИ шаардын элин таза суу менен камсыздоодо жүргүзүп жаткан иштерин депутаттык комиссия тарабынан текшерүү, Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорун дайындоого макулдук берүү, Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттары Х.Тешебаевдин, А.Шарабидиновдун, Ю.Тиллабаевдин депутаттак ыйгарым укуктарын өз мөөнөтүнөн мурда токтотуу, таксилердин шаар аймагындагы жол кире акысы жөнүндөгү маселелер каралды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) XV ачык сессиясы Ч.Айтматов атындагы орто мектептин жыйындар залында өткөрүлдү. Ачык сессияга бардыгы болуп 187 киши катышты, анын ичинен шаардагы кварталдык комитеттердин өкүлдөрү 124 адам. XV ачык сессияда Өзгөн шаар мэриясынын 2014-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери, Өзгөн шаарынын “Жаңы Өзгөн” кварталындагы Дружба народов көчөсүнүн атын өзгөртүп маркум А. Чолуковдун ысымын ыйгаруу, Өзгөн шаарынын Жаны –Хаят кварталындагы аты жок көчөсүнө маркум К.Хурматовдун ысымын ыйгаруу, Сауд Аравиясынын жарааны Доктор Шейх Мухаммад Саид Мухаммад Хасан Ал-Бухарийге жана Өзгөн районун тургуну Э.Касымалиевге «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу, «Өзгөн-Тазалык» МИ уставын бекитүү, «Өзгөн Таза-Суу» МИ уставын бекитүү, Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентин бекитүү, Өзгөн шаарындагы айыл чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгын эсептөө үчүн зоналдык коэффицентти бекитүү, Өзгөн /й-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кургак учукка каршы поликликасынын имаратынын чатырын жабууга каражат берүү, Өзгөн шаардык кеңешинин 2014-жылда түзгөн иш-планына өзгөртүү киргизүү маселелери каралып тийиштүү токтомдор чыкты. Шаардык кеңештин токтомдору «Өзгөн нуру» газетасы аркылуу жарыя кылынып барылды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) XVI сессиясында Өзгөн шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштери, шаардык билим берүү бөлүмүнүн мектептен сырткары балдар менен иштөө мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери, Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасынын жыл ичинде жүргүзгөн иши, Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер О. Мусаевтин, Ш. Турдуевтин жана С. Накыевтин мандатын бекитүү, Өзгөн шаар мэриясына соцфондко чегерүүгө каражат бөлүү, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлеринин сапардык чыгымдарына кошумча каражат бөлүү, суу төлөмдөрүнө болгон тарифти көтөрүү жөнүндөгү маселелер каралды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) XIX сессиясында «Өзгөн Таза Суу» муниципалдык ишканасынын шаардын калкын таза суу менен камсыз кылууда 2014-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана 2015-жылда жүргүзүп жаткан иштери, “Н.Азнабакиев” атындагы балдардын эс алуу багынын шаар тургундарынын жана балдардын эс алуусуна шарт түзүүдө жүргүзүп жаткан иштери, Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Купахунов Розувай Сулаймановичтин депутаттык мандатын бекитүү, Өзгөн шаарындагы /ч-Дөбө көчөсүнүн наамын өзгөртүп Советтер Союзунун баатыры генерал-майор И.В.Панфиловдун ысымын ыйгаруу, “Өзгөн Таза Суу” муниципалдык ишканасына “Samsung” үлгүсүндөгү экскаватор сатып алуу үчүн банктан кредит алууга макулдук берүү, “Өзгөн Таза Суу” муниципалдык ишканасынын директорун дайындоого макулдук берүү маселелери каралды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) XX ачык сессиясында Өзгөн шаар мэринин 2015-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери, Өзгөн шаарынын бюджетинин 2015-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы, Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин 2014-жылда жана 2015-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери, ПГИБО боюнча аткарылган иштерге баа берүү, Өзгөн шаарынын “Аймактык муниципалдык башкаруу” жобосунун жана “Муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу боюнча” жобонун долбоорун бекитүү, шаардагы муниципалдык менчиктеги бош жер тилкелерин тоорукка коюу үчүн менчиктештирүү программасын бекитип берүү, Өзгөн шаар мэриясына, Өзгөн шаардык кеңешине, МММБ департаментине бюджеттин 2015-жылдын 6 айында ашыкча аткарылгандыгынын эсебинен кошумча каржылоого макулдук берүү, Өзгөн райондук прокуратурасынын 2015-жылдын 16-июнундагы №11-1064-15 каршылык билдирүү каты, Өзгөн шаар мэриясынын алдында түзүлүүчү “Ишкердүүлүк жана сооданы колдоо борборунун концепциясынын” долбоору жөнүндөгү маселелер каралды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) 2015-жылдын 18-августундагы XXI сессиясында «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын тазалыгын камсыз кылууда жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жакшыртууда жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү отчету, «Ай-Мээрим» балдар бакчасын реконструкциялоо жана капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн даярдалган долбоорго жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоого макулдук берүү, Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым кошкон шаар мэриясынын кызматкерлерине 1 айлык эмгек акы өлчөмүндө материалдык колдоо көрсөтүүгө бюджеттин 2015-жылдын 9 айында ашыкча аткарылгандыгынын эсебинен кошумча каржылоого макулдук берүү жөнүндөгү маселелер каралып тийиштүү токтомдор чыкты. Шаардык кеңештин токтомдору «Өзгөн нуру» газетасы аркылуу жарыя кылынып барылды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) XXII сессиясынын отурумунда Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын шаардын калкын тейлөөдө жүргүзүп жаткан иштери, Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасынын жыл ичинде жүргүзгөн иши жөнүндөгү отчету, Өзгөн шаардык кеңешинин 2016-жылга карата иш-планын бекитүү, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын Өзгөн шаарында өткөрүлгөн аудитинин жыйынтыгын кароо, Өзгөн шаарындагы айыл чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгын 2016-жылга эсептөө үчүн зоналдык коэффициентти бекитүү жөнүндөгү маселелер каралып, токтомдор кабыл алынды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) 2016-жылдын 30-мартындагы кезектеги XXIII сессиясынын отурумунда Өзгөн шаар мэринин 2015-жылда аткарган иштери жөнүндө отчету, Өзгөн шаарынын 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга карата бюджетинин долбоорун бекитүү, Өзгөн шаарынын 2016-2018-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын стратегиялык планынын долбоору, Өзгөн шаарынын 2016-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасы, Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Кочкаров Кутлугбек Кабулжановичтин мандатын бекитүү, Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык, инвестиция тартуу” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасын жана орун басарын шайлоо жөнүндө токтомун бекитүү, Өзгөн шаарындагы бош жер тилкелеринин аренда акысынын коэффицентине өзгөртүү киргизүү, Жаңы-Өзгөн кварталына ПРООНдун колдоосу менен жаңы КТП курууга каражат бөлүү, мурдагы “Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын базасында муниципалдык базар ачуу, “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” жөнүндөгү жобону бекитүү маселелери каралып токтомдор кабыл алынды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) 2016-жылдын 4-июнундагы кезектеги XXIV сессиясында “Өзгөн Таза Суу” муниципалдык ишканасынын шаардын калкын таза суу менен камсыз кылууда 2015-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана 2016-жылда жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү отчету, Өзгөн шаардык маданият үйүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү отчету, Өзгөн шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын шаардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртууда жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү отчету, А.Навои көчөсүндөгү 312м2 жерди муниципалдык мүлктөн чыгарып берүү, №2 “Таштак” үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратын Өзгөн үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун балансына өткөрүп берүү, Өзгөн шаарынын Кошуев көчөсүндө жайгашкан муниципалдык базардын аймагына балдар аянтчасын курууга макулдук берүү жөнүндөгү маселелер каралды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) 2016-жылдын 10-июнундагы XXV кезексиз сессиясынын отурумунда 2016-жылды 7-июнунда Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттары жана мэриянын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында “АКIpress-Ош» маалыматтык-аналитикалык бюросунда өткөн пресс-конференциясында айтылган факттарды текшерип чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзүү жөнүндөгү маселе каралды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) 2016-жылдын 15-сентябрындагы XXVI cессиясынын отурумунда Өзгөн шаар мэринин 2016-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету, Өзгөн шаардык бюджетинин 2016-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы жөнүндөгү отчету, Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин 2015-жылда жана 2016-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету, Өзгөн шаарындагы “Икрам” жана “Алмаз” ветсервистеринин шаардагы мал жандыктарды тейлөө үчүн кызмат акысын бекитип берүү, Өзгөн райондук статистика бөлүмү Өзгөн шаар мэриясына статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берип жаткандыгына байланыштуу эки тараптуу келишимди бекитип берүү, канализациядан аккан саркынды сууларды тазалоочу курулма куруу үчүн жер тилкесин муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жана жер комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү, “Өзгөн шаарынын 2016-2018-жылдарда социалдык экономикалык өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык программасына” толуктоо киргизүү, титулдук тизмеге кошумча, өзгөртүү киргизүү жана кошумча аткарыла турган иштерге бюджеттин 2016-жылдын 6 айынын ашыкча аткарылышынын эсебинен каражат бөлүү, Н. Азнабакиев атындагы эс алуу багынын 2016-жылга карата бекитилген атайын каражаттар сметасына кошумча акча каражатын карап берүү, Өзгөн шаардык кеңешинин жетектөөчү адиси Д. Турдахуновтун эмгек акысына кошумча каражат бөлүү, МММБ департаментинин сметасынан 810,9 миң сомду Н. Азнабакиев атындагы эс алуу багынын өздүк эсебине жылдырып берүү, Өзгөн шаарынын 6 көчөсүнүн кесилиштерине орнотулган видео күзөт жабдыктарын Өзгөн РИИБнө өткөрүп берүүгө макулдук берүү, 2016-жылдын 7-июнунда Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттары жана мэриянын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында “AKIpress-Ош” маалыматтык-аналитикалык бюросунда өткөн пресс-конференцияда айтылган факттарды текшерип чыгуу үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын маалыматы жөнүндөгү маселелер каралып токтомдор кабыл алынып токтомдор “Өзгөн Нуру” гезитине жана 2015-жылдын декабрь айынан баштап “uzgen.org.kg” сайтына жарыяланып Кыргыз Республикасынын Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгы тарабынан каттоодон өткөрүлүп келүүдө.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) депутаттарынын 2012-2016-жылдарда өткөн сессияларга катышуусу боюнча маалымат
№ |
Ф.А.Ж. |
Жалпы сессиянын саны | Анын ичинен
|
Эскертме | |
Катышканы | Катышпаганы | ||||
1 | Абдурахманов Хатамжон Номанджанович | 26 | 25 | 1 | Себептүү |
2 | Дехканбаева Малохатхон Хошимовна | 26 | 25 | 1 | Себептүү |
3 | Джусупов Сатарбай Сайпиевич | 26 | 22 | 4 | 3 себептүү |
4 | Мусаев Ойбек Анварбекович | 11 | 10 | 1 | Себептүү |
5 | Ходжахунова Айсулу Бекботоевна | 26 | 25 | 1 | себепсиз |
6 | Насиров Абдулфаттах Абдулхафизович | 26 | 26 | - | - |
7 | Исмаилов Турсунбай Жороваевич | 26 | 23 | 3 | 2 себептүү |
8 | Турдиев Шухратбек Хабибуллаевич | 11 | 11 | - | - |
9 | Абдукаймов Анварбек Абдукаймович | 26 | 21 | 5 | 1 себептүү |
10 | Маткабылов Абдушукур Сатвалдыевич | 26 | 24 | 2 | Себептүү |
11 | Кахаров Алишер Абдулхалилович | 26 | 25 | 1 | Себептүү |
12 | Хасанов Арсланбек Мрахварович | 26 | 26 | - | - |
13 | Мамасадыков Алайбек | 26 | 19 | 7 | 4 себептүү |
14 | Бахридинов Нейматилла Джамалдинович | 26 | 22 | 4 | 2 себептүү |
15 | Маматкасимов Сарвар Маматсадыкович | 26 | 26 | - | - |
16 | Нишанбаев Махамадамин Юлдашбаевич | 26 | 24 | 2 | 1 себептүү |
17 | Курбанов Негмат Баширахунович | 17 | 16 | 1 | себепсиз |
18 | Халматов Мухтаржан Маматжанович | 26 | 24 | 2 | себепсиз |
19 | Абдурахманов Махмуджан Машрапжанович | 26 | 12 | 14 | 4 себептүү |
20 | Шамуратов Улугбек Юлдашбаевич | 26 | 24 | 2 | себепсиз |
21 | Купахунов Розувай Сулайманович | 9 | 8 | 1 | Себепсиз |
22 | Жолдошалиев Абдырахман Тобакалович | 26 | 21 | 5 | 2 себептүү |
23 | Кочкаров Кутлугбек Кабулжанович | 4 | - | 4 | Себептүү |
24 | Абдыкапарова Эльмира | 26 | 22 | 4 | 2 себептүү |
25 | Мамазайитов Арапжан Жомолдинович | 26 | 18 | 8 | себепсиз |
26 | Юлдашев Азамжан Нугманович | 26 | 25 | 1 | себепсиз |
27 | Шамиева Бурал Насировна | 26 | 24 | 2 | 1 себертүү |
28 | Абакджанова Дилрабо Махаматрасуловна | 26 | 23 | 3 | 1 себертүү |
29 | Эшназарова Бактыкан Каамиловна | 26 | 18 | 8 | 2 себептүү |
30 | Накыев Сейитбек Талайбекович | 13 | 9 | 4 | себепсиз |
31 | Ибрагимов Авазбек Джумабекович | 9 | 6 | 2 | себепсиз |
32 | Шаробидинов Абзалидин | 15 | 15 | - | - |
33 | Тиллабаев Юлдошбай Кочкорович | 15 | 14 | 1 | Себепсиз |
34 | Нишанбаев Эсантой Абдуллажанович | 16 | 13 | 3 | Себепсиз |
35 | Пратов Саипжон Махаматкабылович | 22 | 16 | 6 | 3 себептүү |
36 | Негматов Умарилло Садикжанович | 17 | 15 | 2 | 2 себептүү |
37 | Каримов Нодирбек Тохтасинович | 14 | 12 | 2 | Себептүү |
38 | Тешебаев Хусанбай Гулямович | 14 | 11 | 3 | себепсиз |
39 | Абдырахманов Хатамжан Омаралиевич | 6 | 6 | - | - |
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2012-2016-жылдарда болгон отурумдарга катышуусу боюнча
МААЛЫМАТ
№ | Ф.А.Ж. | Жалпы отурумдардын саны | Анын ичинен | Эскертме | |
катышканы | катышпаганы |
| |||
I | «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясы |
|
|
|
|
1 | Юлдашев Азамжан Нугманович | 40 | 36 | 4 | Себептүү |
2 | Турдиев Шухратбек Хабибуллаевич | 18 | 16 | 2 | Мандаты кийин а-н |
3 | Жолдошалиев Абдырахман Тобакалович | 40 | 35 | 5 | Себептүү |
4 | Ибрагимов Авазбек Джумабекович | 14 | 12 | 2 | мандатын кийин а-н |
5 | Хасанов Арсланбек Мрахварович | 40 | 36 | 4 | Себептүү |
6 | Халматов Мухтаржан Маматжанович | 40 | 37 | 3 | Себептүү |
7 | Негматов Умарилло Садикжанович | 25 | 24 | 1 | Мандатын тап-н |
| Шаробидинов Абзалидин | 20 | 17 | 3 | Мандатын тап-н |
II
| «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссиясы |
|
|
|
|
1 | Маткабылов Абдушукур Сатвалдыевич | 24 | 22 | 2 | Себептүү |
2 | Шамиева Бурал Насировна | 24 | 20 | 4 |
|
3 | Абдурахманов Хатамжон Номанджанович | 24 | 23 | 1 | Себептүү |
4 | Мамазайитов Арапжан Жомолдинович | 24 | 18 | 6 | 2 себептүү |
5 | Кахаров Алишер Абдулхалилович | 24 | 23 | 1 | Себептүү |
III | «Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чаканжана орто бизнестиөнүктүрүү, байланышэнергетика жанакурулуш боюнча» туруктуу комиссиясы |
|
|
|
|
1 | Курбанов Негмат Баширахунович | 2 | 2 | - |
|
2 | Купахунов Розувай Сулайманович | 1 | 1 | - | Мандаты кийин а-н |
3 | Мусаев Ойбек Анварбекович | 4 | 4 | - | Мандаты кийин а-н |
4 | Нишанбаев Махамадамин Юлдашбаевич | 8 | 7 | 1 | Себептүү |
5 | Кочкаров Кутлугбек Кабулжанович | - | - | - | Мандаты кийин а-н |
6 | Нишанбаев Эсантой Абдуллажанович | 7 | 6 | 1 | Мандатын тап-н |
7 | Пратов Саипжон Махаматкабылович | 8 | 6 | 2 | Мандатын тап-н |
8 | Тиллабаев Юлдошбай Кочкорович | 6 | 6 | - | Мандатын тап-н |
| Каримов Нодирбек Тохтасинович | 7 | 6 | 1 | Мандатын тап-н |
IV | « Социалдык маселелер, гендер, жаштар саясаты жана спорт» боюнча туруктуу комиссиясы |
|
|
|
|
1 | Джусупов Сатарбай Сайпиевич | 6 | 6 | - |
|
2 | Эшназарова Бактыкан Каамиловна | 6 | 5 | 1 | Себептүү |
3 | Дехканбаева Малохатхон Хошимовна | 6 | 6 | - |
|
4 | Абдукаймов Анварбек Абдукаймович | 6 | 4 | 2 | 1 себептүү |
5 | Маматкасимов Сарвар Маматсадыкович | 6 | 6 | - |
|
6 | Абдурахманов Махмуджан Машрапжанович | 6 | 3 | 3 | 2 себептүү |
V | «Мыйзамдуулук, уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө» боюнча туруктуу комиссиясы |
|
|
|
|
1 | Исмаилов Турсунбай Жороваевич | 14 | 14 | - |
|
2 | Мамасадыков Алайбек | 14 | 10 | 4 | Себептүү |
3 | Шамуратов Улугбек Юлдашбаевич | 14 | 13 | 1 | Себептүү |
4 | Бахридинов Нейматилла Джамалдинович | 14 | 11 | 3 | Себептүү |
5 | Абакджанова Дилрабо Махаматрасуловна | 14 | 10 | 4 | Себептүү |
6 | Накыев Сейитбек Талайбекович | 9 | 5 | 4 | Мандатын кийин а-н |
7 | Тешебаев Хусанбай Гулямович | 5 | 4 | 1 | Мандатын тап-н |
8 | Абдырахманов Хатамжан Омаралиевич | 1 | 1 | - | Мандатын тап-н |
Туруктуу комиссиялар 2012-2016-жыл ичинде:
- «Бюджет салык, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссия 40 жолу
- «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика боюнча» туруктуу комиссия 24 жолу.
- «Социалдык маселелер, гендер, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссия 6 жолу.
- «Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш энергетика жана курулуш боюнча» туруктуу комиссия 8 жолу.
- «Мыйзамдуулук, уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссия 14 жолу жыйын өткөрүштү.
Шаардык кеңештин сессияларына материал даярдоодо, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүдө, шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасын ишке ашырууда туруктуу комиссиялар да активдүү катышты. Айрыкча шаардын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн кароодо «Бюджет, салык, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссия тарабынан жыл сайын бардык бюджеттик мекеме уюмдардын жетекчилери, башкы бухгалтерлери чакырылып, бардык кирешелер жана чыгашалар боюнча эсептенүүлөр жүргүзүлдү.
Өзгөн шаар бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2013-2016 жылдар ичинде өсүү темпи боюнча маалымат
№ |
|
2013-жыл (миң сом) |
2014-жыл (миң сом) |
2015-жыл (миң сом) |
2016-жыл (миң сом) | 2013-жылга салыштырмалуу өсүү темпи | |
миң сом | % | ||||||
1 | бекитилген план | 45820,6 | 57947,6 | 67763,6 | 74174,6 | 28354,0 | 161,9 |
2 | аткарылышы | 53513,6 | 68387,4 | 74726,5 | 81427,9 | 27914,3 | 152,2 |
Шаардын социалдык–экономикалык жактан өнүгүү программасынын алкагында аткарылуучу иштердин титулдук тизмеси «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссия тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, шаардын элинин сунуштары эсепке алынып, толукталып сессияларга сунуш кылынды жана анын негизинде аткарылган иштер депутаттар тарабынан көзөмөлгө алынып турулду. «Социалдык маселелер, гендер, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссия жана башка туруктуу комиссиялар да сессияларга материал даярдоодо өзүнүн активдүүлүгүн көрсөттү.
Шаардын социалдык–экономикалык жактан өнүгүү программасынын алкагында титулдук тизмеге киргизилген иштерди аткарууга жергиликтүү бюджеттен 2013-жылы 16269,5 миң сом каралган болсо, 2016-жылы 36023,4 миң сом бекитилген. Аныгында 2013-жылы 19717,3 миң сом каржыланган, 2016-жылы 41823,8 миң сом каржыланышы күтүлүүдө. 2016-жылда 2013-жылга салыштырмалуу 22106,5 миң сомго ашыкча каржылануусу күтүлүп, өсүү темпи 212,1 пайызды түзөт.
Титулдук тизмеге киргизилген иштерди аткарууга жергиликтүү бюджеттен 2013-2016-жылдары каржыланган каражаттар боюнча маалымат
| 2013-жыл, миң сом | 2014-жыл, миң сом | 2015-жыл, миң сом | 2016-жыл күтүлөт, миң сом |
Аныгы | 19717,3 | 32221,2 | 35625,0 | 41823,8 |
2013-2016-жылдары шаардын социалдык–экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыздоо, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, шаардын калктуу конуштарында элдин турмуш дээңгелин оңдоо максатында төмөндөгү жумуштар аткарылды:
Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарынын берген сунуш тапшырмасынын негизинде, Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше булагын көбөйтүү максатында Өзгөн шаар мэриясынын экономикалык тескөө бөлүмү тарабынан Өзгөн шаарынын аймагында жайгашкан мекеме, уюм, жана жеке ишкерлер боюнча хронометраж жүргүзүлүп, тизмелери кайра такталып чыгылды.
Жыйынтыгында шаарыбызда 4 ресторан, 107 коомдук тамактануу жайлары, 4 ун заводдору, 5 кондитердик цехтер, 24 нанвайкана, 14 нуска көчүрмө жана вебкассалар, 4 фото салондор, 14 фирмалар, 35 чачтарачканалар, 8 акча алмаштыруучу жайлар, 30 бут кийим оңдоочу жайлар, 5 компьютер ойноочу жайлар, 28 аптекалар, 6 агроветаптека, 31 чайканалар, 6 пластик эшик жана терезелер даярдоочу ишканалар, 26 тигүү цехтери 4 тыныке басып чыгаруу цехтери, 172 азык-түлүк дукөндөрү, 4 майжуваздар, 8 автоунаа жуучу жайлар, 36 автоунаа тетиктерин сатуучу жайлар, 14 дөңгөлөктөрдү желимдөөчү жайлар, 17 май алмаштыруучу жайлар, 45 автоунаа оңдоочу жайлар, 7 мончо, 65 касапканалар, 3 эстелик жасоочу жай, 8 авиакасса, 38 биллиард ойноочу жай, 9 ломбард, 4 ватачесалка, 2 заправка жана 17 кичи базарлардын ичинде 130 магазин, 410 контейнер, 37 ларек жана киосктор, “Пазылат” соода борборунда 29 соода дүкөндөрү жана башкалар калкка кызмат көрсөтүү багытында иш жүргүзүүсү такталды.
2016-жылдын жыйынтыгында чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү 4036,1 млн сомго жетүүсү күтүлүүдө. Өзгөн шаарында 2016-жылдын жыйынтыгы менен 736 тонна эт, 3400,0 тонна сүт, 680,0 миң даана жумуртка өндүрүлүшү күтүлүүдө.
2013-2016-жылдары тышкы жана ички инвестиция тартуу боюнча да алгылыктуу иштер аткарылды. Атап айтсак:
Өзгөн шаарында 2013-жылда тартылган инвестициянын көлөмү жалпысы болуп 117,8 млн сомду түздү. Анын ичинен: ички инвестиция 111,4 млн сом;
- сырткы инвестициянын эсебинен 6,4 млн. сом, б.а.
тышкы инвесторлор-ЮСАИД-4,6 млн сом, АРИС- 1,3 млн сом, Туркия мамлекетинен 0,5 млн сомдук капиталдык салымдар өздөштүрүлдү.
Мындан тышкары канализацияга карата тартыла турган инвестициялар боюнча иштер башталган. Бул багытта иш алып баруу улантылууда (600,0 миллион сом). Ошондой эле Япония элчилиги аркылуу да 2 миллион 247 миң сом Япон гранты тартылды.
2014-жылда тышкы инвестиция тартуу жана өндүрүштү көтөрүү багытында бир топ алгылыктуу иштерди аткарууга жетишилди.
Алсак:
1.Япония мамлекетинин Кыргызстандагы элчилигине жазып өткөрүлгөн гранттык долбоордун алкагында шаардын Манас-Маллабеков жана Мирзарахимов-Мукумий көчөлөрүндөгү жолдордун кесилиштерине светофор жана борбордук көчөлөрдөгү жолдорго жол белгилерин орнотуу үчүн Өзгөн шаарынын мэри менен Япония мамлекетинин элчилигинин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде мэриянын атайын эсебине 45,0 миң доллар акча каражаты келип түшүп, светофорлор жана жол белгилери орнотулду, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 200,0 миң сом кошумча кошулду.
Республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу түрткү берүүчү (стим) грантка жазып өткөрүлгөн долбоордун негизинде Өзгөн шаарынын МТС участкасындагы мусулман жана христиан мүрзөлөрүн темир менен тосмолоо жана кароолкананы бастырмасы менен куруу үчүн 1974,2 миң сомдук тендер өткөрүлүп, анын 200,0 миң сому жергиликтүү бюджеттин эсебинен, 97,0 миң сому жергиликтүү жамааттын эсебинен, калган 1677,2 миң сому республикалык бюджеттен каржыланып, курулуш иштерин аягына чыгарылды.
Өзгөн шаарында 2014-жылда ички инвестиция тартуу жана өндүрүштү көтөрүү багытында бир топ алгылыктуу иштерди аткарууга жетишилди. Алсак:
1.Өзгөн шаарынын тургуну жеке ишкер Н.Курбанов тарабынан Манас-Кошиев көчөлөрүнүн кесилишине 2 кабаттуу заманбап супермаркет курулуп, ишке түштү. Анын курулушуна 15,0 млн сом акча каражаты жумшалды.
2.Өзгөн шаарындагы «Жүзүмзар» кварталында жеке ишкер М.Абакджанов тарабынан заманбап «Гиппократ» аталышындагы менчик оорукана курулуп, пайдаланууга берилди. Анын курулушуна 3,0 млн сом акча каражаты жумшалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы токой чарбасы жана айлана чөйрөнү коргоо агентигинин эсебинен 2500,0 миң сом сарпталды. Япония элчилиги тарабынан 2491,2 миң сомдук, республикалык бюджеттен 1677,2 миң сомдук жумуштар аткарылса, ички инвестициянын көлөмү 18,0 млн сомду түздү.
2015-жылда да Өзгөн шаарында тышкы, ички инвестиция тартуу жана өндүрүштү көтөрүү багытында бир топ алгылыктуу иштерди аткарууга жетишилди.
Алсак:
1.Өзгөн шаарынын аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу багытында Экофонддон 350 түп крым соснасы, 100 түп ак кайың, 175 каштан декоративдүү дарактары алынып эгилди.
2.Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигине берилген заявканын негизинде шаардагы 3,8 км жолдорду асфальттоо боюнча тендер жарыяланып, тендердин жыйынтыгы менен ОсОО ”Токошев” жоопкерчилиги чектелген коому менен 19 миллион 929 миң 900 сомго келишим түзүлдү жана шаардын Гагарин көчөсүнүн (Мирзарахимов көчөсүнөн Набиев көчөсүнө чейин) 1238 метр аралыгы, А. Набиев көчөсүнүн (РЭСтен баштап акырына чейин) 699 метр аралыгы, Маллабеков көчөсүнүн (А.Темур көчөсүнөн Манас көчөсүнө чейин) 860 метр аралыгы, Сельская көчөсүнүн (Янги-Абад көчөсүнөн Новкат көчөсүнө чейин) 1003 метр аралыгындагы жолдорду асфальттоо иштери аягына чыгарылды.
3.Кыргыз Республикасынын Токой чарба министрлигине караштуу Экофондко жазып өткөрүлгөн долбоордун негизинде 2,5 миллион сомдук мусоровоз машина алып келинди.
Таза суу боюнча ПРООН го жазып өткөрүлгөн долбоордун негизинде шаардын атайын эсебине 10,0 миң доллар келип түшүп, элдин салымы 200,0 миң сом топтолду, жергиликтүү бюджеттин салымы 230,0 миң сом көтөрүлүп берилди, калган каражат “Таза суу” муниципалдык ишканасы тарабынын топтолуп, “Тамеки” кооперативинен сатып алынган “Пайзабад” суу сактоочу кампасын (скважинаны) реабилитациялоо жана аны борбордук суу магистралына кошуп, суунун басымын көбөйтүү боюнча жумуш аткаруучуларды тандап алуу боюнча тендер өткөрүлдү. Тендердин жыйынтыгы менен келишим түзүлүп, “Пайзабад” суу сактоочу кампасын (скважинаны) реабилитациялоо жана аны борбордук суу магистралына кошуу, суунун басымын көбөйтүү боюнча жумуштар аягына чыгарылды.
Курманжан Датка атындагы орто мектебинин айнек рамкаларын жана эшик калгааларын металлопластикке алмаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын үлүштүк (дем берүүчү) грантка жазылган 3 млн 666 миң 720 сомдук долбоор макулданып, тендер өткөрүлдү, жыйынтыгында 3 млн. 208 миң 200 сомго шаардагы Курманжан Датка атындагы жана А.Темур атындагы мектептердин эшик жана терезе калгалары металлопластикке алмаштырылды.
2016-жылда Өзгөн шаарында тышкы, ички инвестиция тартуу жана өндүрүштү көтөрүү багытында бир топ алгылыктуу иштер аткарылып жатат.
Алсак:
Чуй-Бишкек-Талас Экофонд аркылуу шаарга чыгынды ташуучу автоунаа МАЗ-533702, жол тазалоочу жабдыктары менен сатып алууга 3108,0 миң сом жана шаардын ирригациялык тармагын оңдоо үчүн лоток жаткырууга 400,0 миң сом каржылап берилди. (Маллабеков, Брежнев, Садовая, Таштак көчөлөрүнө).
“Ай-мээрим” балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттоодон өткөрүү үчүн 2572,0 миң сомдун 430,8 миң сому жергиликтүү бюджеттин эсебинен, калган 2100,0 миң сому республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
ПРООН го жазып өткөрүлгөн долбоордун негизинде “Жаңы-Өзгөн” кварталына 250 Вт трансформатор орнотулду. 228,0 миң сом каражат ПРООН дун эсебинен калган 96,9 миң сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.
Билим берүү министрлиги тарабынан шаардагы Бабур мектеби 6,5 млн сомго жана Ч. Айтматов атындагы орто мектеп 12,0 млн сомго капиталдык ремонттоодон өткөрүлдү.
“Жаңы-Хаят” кварталында жеке ишкер И. Имяминов тарабынан 5,0 млн сомдук балдар эс алуу паркы курулуп ишке түшүрүлдү.
Шаардын социалдык–экономикалык жактан өнүгүү программасынын алкагында титулдук тизмеге киргизилген иштердин 2013-2015-жылдарда жана 2016-жылдын 6 айында аткарылышы боюнча шаар мэриясы, анын структуралары Сиздерге толук отчет берген. Өзгөн шаарын инфраструктурасын жакшыртууга депутаттар тарабынан макулдук берилген каражаттар негизинен Өзгөн шаарын көрктөндүрүү жана инфраструктурасын жакшыртуу максатында инженердик техникалык шарттар (ИТУ) жана архитектуралык пландоо шарттарын (АПУ) даярдоого, шаардын ичин көрктөндүрүүгө, жолдорду асфальттоого, түнкү жарыткычтарды орнотууга, тротуарларга тапан таштарды басууга, шаардагы борбордук көчөлөрдүн тротуарларын калыбына келтирүү жана тротуарларга автоунааларды киргизбөө максатында тротуарлардын айрым бөлүктөрүнө темир тосмолор жасатылып орнотууга, шаардын аймагына сугат суу жеткирүү максатында борбордук көчөлөрдөгү жолдордун жээктериндеги арыктарды калыбына келтирүүгө, шаардан агып өтүүчү ички арыктарды оңдоп-түздөөгө, сел коркунучун туудурган каналдын жээктерин бекемдөө жана көпүрөлөр үчүн плита жана кольцаларды сатып алуу жана шаардын ирригациялык тармагын оңдоп-түздөөгө, шаардын жаңы калктуу конуштарын электр менен камсыз кылуудагы кемчиликтерин жоюу, бетон мамычаларды (столба), зымдарды сатып алууга, шаардык билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, орто жана чакан бизнес менен алектенгендерге шарт түзүү максатында атайын соода кылууга ыңгайлуу болгон прилавкалар орнотууга, муниципалдык ишканаларына атайын техника сатып алууга, шаардын аймагына сугат суу жеткирүү максатында борбордук көчөлөрдөгү жолдордун жээктериндеги арыктарды калыбына келтирүүгө, шаар көчөлөрүнө атайын гүлдөрдү отургузууга, шаардагы асфальт жолдордун уңкур чуңкурларын (ямочный ремонт) оңдоп түзөөдөн өткөрүүгө, жаңы конуштарындагы жолдорго шагыл төшөөгө, декоративдүү бак-дарактардын көчөттөрүн отургузууга, мектептерге эмеректер сатып алууга жана башка иштерге жергиликтүү бюджеттен 2013-жылы 16269,5 миң сом каралган болсо, 19717,3 миң сом каржыланган. 2016-жылы титулдук тизмедеги иштерге 36023,4 миң сом бекитилген болсо, 41823,8 миң сом каржыланышы күтүлүүдө. 2016-жылда 2013-жылга салыштырмалуу 22106,5 миң сомго ашыкча каржылануусу күтүлүп, өсүү темпи 212,1 пайызды түзөт.
Өзгөн шаардык кеңеши тарабынан 2016-жылга карата Өзгөн шаарында аткарылуучу иштердин бекитилип берилген титулдук тизмесине ылайык 2016-жылдын 6 айында шаардын аймагында төмөндөгү иштер аткарылды:
-шаардын аймагын жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында 800 түп можжевельник, 300 түп сосна жана 300 түп ак кайың дарагы шаардын белгиленген көчөлөрүндөгү жолдордун жээктерине олтургузулду
-шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан борбордук китепкананын алдында стихиялуу түрдө пайда болгон автоунаа токтоочу жай ээлеген жер тилкеси автоунаалардан бошотулуп, гүлдөр олтургузулду. Ошондой эле райондук маданият үйү менен райондук ички иштер бөлүмүнүн чек арасында жайгашкан №39 кварталдагы жер тилкеси тосмолонуп, кооз гүлдөр эгилип, скамейкалар жасатылды.
-Өзгөн шаарынын аймагындагы ирригациялык түйүндөрдү калыбына келтирүү, оңдоо жана жаңы орнотуу иштери аткарылды.
-“Жаңы-Өзгөн” кварталынын аймагына полиэтилен суу түтүкчөлөрү сатып алынып орнотулду. Шаардын аймагын аралап агып өткөн Фархад каналын тазалоо иштерин уюштурулду.
-Кыргыз Республикасынын Туусунун кабыл алынган күнүнө, мамлекетибиздин Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата Н.Азнабакиев атындагы эс алуу багынын аймагына бийиктиги 23 метрди түзгөн, диаметри 30 сантиметр болгон темирден флагшток жасалды.
-Өзгөн шаарынын көчөлөрүндөгү жолдорго «лежачий полицейский» орнотулду
-шаардагы Токтогул көчөсүндөгү узуну 685 метр, туурасы 5 метрди жолду, 6 сантиметр калыңдыкта, Волков жана Панфилов көчөлөрүндөгү узуну 650 метр, туурасы 7 метр жолду 6 сантиметр калыңдыкта, Ленин көчөсүнүн Манас жана Кошиев көчөлөрү менен кесилишкен ортолугундагы узундугу 254 метр, туурасы 7 метр жолду 6 см калыңдыкта асфальттоо иштери аткарылды.
-Бабур Мирзо көчөсүнүн Амир Темур көчөсү менен кесилишкен жеринен баштап 435 метр участогун асфальттоо жумушу толугу менен аткарылды.
-«Жаңы Өзгөн» кварталынын калкынын турмуш шартын жакшыртуу максатында жаңы көмөкчү чордонун (трансформатор) (КТП) сатып алып орнотууда ПРООН тарабынан 228,0 миң сом акча каражаты каржыланды, ал эми жергиликтүү бюджеттен 96,9 миң сом акча каражаты каржыланып берилмекчи.
-шаарыбыздагы архитектуралык-археологиялык комплекске жакын жерге тарых музейинин имаратын куруу иштерине колдоо көрсөтүү максатында 300,0 миң сом акча каражаты райондук мамлекеттик администрацияга которулуп берилди.
- шаардагы көчөлөрдөгү жолдордун 4 километрин асфальттоо иштеринин долбоору даярдалды.
- шаардын аймагындагы жаңы конуштарды жана эскилиги жеткен электр мамычаларын алмаштырып, орнотуу үчүн электр мамычалары сатылып алынды жана башка иштер аткарылды.
2016-жылдын жыйынтыгы менен титулдук тизмеге кирген иштер жана кошумча титулдук тизмеге кирген иштер толугу менен аткарылышы күтүлүүдө.
2013-2016-жылдары шаардык кеңеш тарабынан төмөндөгү иш-чаралар өткөрүлдү.
2013-жылы “Абат” коомдук фонду тарабынан жергиликтүү кеңештин депутаттарына окуулар уюштурулду. Шаардык кеңештин депутаттары үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө тиешелүү укуктук-ченемдик актылар жыйнагынын китеп жана электрондук дисктери даярдалып таркатылып берилди.
Өзгөн шаардык кеңешинин 2014-жылга каралган иш планына, уюштуруу иштеринин планына ылайык 2014-жылдын 24-мартында Өзгөн шаар мэриясынын жыйындар залында Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарына «Таза Шайлоо» ассоциациясынын менеджери Азиза Маматкулова тарабынан окуу тренинг өткөрүлдү. Тренинге шаардык кеңештин 25 депутаты катышты. Депутаттарга “Мен жергиликтүү кеңештин депутатымын” аттуу китеп таркатылды.
Тренинг Кыргыз Республикасынын шаардык кеңештеринин депутаттары үчүн «Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыйзамдык жана финансы-экономикалык негиздери» темасында өткөрүлдү.
Тренингде ЖӨБнын мыйзамдык негиздери, Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы, ЖӨБну тикелей ишке ашыруунун формалары, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ийгиликтүү иштешинин өбөлгөлөрү, жергиликтүү жамааттын уставы-жергиликтүү жамааттын негизги документи, ЖӨБ өзүнө тиешелүү функциялары жана мамлекеттен жүктөлгөн функциялар, ЖӨБнын өкүлчүлүктүү органдары, ЖӨБнын аткаруу органдары, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу (АӨБ), ЖӨБнын финансы-экономикалык негиздери, жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү, жергиликтүү денгээлдеги бюджеттик процесстер темаларында окутулду. Жогорудагы жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынына тийиштүү темалар боюнча слайддар даярдалып, окуу колдонмо катары жеткирилди. Тренингдин катышуучуларына депутаттын ишмердүүлүгүнө байланыштуу китептер жана сертификаттар тапшырылды.
Андан сырткары: 8-март аялдардын эл аралык күнүнө депутат айымдар сыйланды, Нооруз майрамына карата салтанат өткөрүлдү, Бүткүл дүйнөлүк суу күнүнүн 22 жылдыгына карата “Өзгөн Таза-Суу” муниципалдык ишканасына демөөрчүлүк жардам көрсөтүлдү, Коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата “Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасына демөөрчүлүк жардам көрсөтүлдү, 9-май жеңиш майрамына карата Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары Мирзажанов Хакимжан жана Усенко Миланияга акчалай сыйлык берилди, 25-май акыркы коңгуроо күнүндө шаар мектептеринин алдыңкы окуучулары ардак грамоталар менен сыйланды, Мугалимдер күнүнө карата алдыңкы мугалимдер ардак грамоталар менен сыйланды, Өзгөн шаарынын күнүнө карата депутаттар ардак грамоталар менен сыйланды.
2015-жылдын январь-февраль айларында шаардагы кварталдык комитеттерде, мектептерде эл менен жолугушуулар өткөрүлүп, 2014-жылда аткарылган иштер боюнча депутаттар шайлоочулар алдында отчет беришти, 2015-жылда аткарыла турган иштер талкууланды. Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттары 2015-жылда Кыргыз Республикасындагы шаарлардын депутаттарынын ортосунда мини футбол жана футзал боюнча Бишкек шаарында 25-28-февраль күндөрү, Жалал-Абад шаарында 15-17-май күндөрү, Чолпон-Ата шаарында 26-28-август күндөрү жана Кызыл-Кыя шаарында 19-22-ноябрь күндөрү өткөрүлгөн мелдештерге катышты.
2013-2016-жылдарда Өзгөн шаардык кеңешине шаардагы мекеме-уюмдардан 384 кат түшкөн, шаардын жашоочуларынан 600 ашык оозеки кайрылуулар болду, кат ээлерине жана оозеки кайрылгандарга өз убагында жооптор берилди. 2013-2016-жылдарда Өзгөн шаардык кеңешинин аппараты жана депутаттар кеңештин токтомдорунун аткарылышы, депутаттык суроо-талап, туруктуу комиссияда, сессияларда кароо үчүн тиешелүү материалдарды сурап, шаардагы мекеме-уюмдарга 454 кат менен кайрылган.