Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-ноябры № 27/4
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2016-жылда ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча каражат бөлүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXVII сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамына ылайык киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 15-ноябрындагы отурумунун №8 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2016-жылда ашыкча аткарылгандыгынын эсебинен 2226,7 миң сом каржылоого макулдук берилсин. Анын ичинен титулда каралган иштерге жетишпеген каражаттарга 1371,4 миң сом, 2016-жылда кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмесиндеги Крупская көчөсүн кошумча асфальттоо иштерине 300,0 миң сом, шаардык билим берүү бөлүмүнүн БӨДТДКнун 2222 “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жаша материалдарды сатып алуу” статьясына 110,8 миң сом, Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2211 “Кызматтык иш сапарларына чыгымдар” статьясына 21,0 миң сом, 2221 “Мүлктү учурдагы оңдоого чыгашалар” статьясына 270,0 миң сом, Өзгөн шаардык кеңешинин 2111 “Эмгек акы” статьясына 3,0 миң сом, 2121 “Соцфондко чегерүү” статьясына 0,5 миң сом, шаар мэриясынын 2222 “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жаша материалдарды сатып алуу” статьясына 150,0 миң сом кошумча каржылоого макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөө МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу М. Макешовко жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн БӨДТДКнун директору А. Мавляновко милдеттендирилсин.
3. Бюджеттин теңдигин сактоо менен жогорудагы мекемелердин сметасына өзгөртүүлөр киргизүү жана кирешелер планын Каржы министрлиги менен тактоо Өзгөн шаардык каржы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Р.Мейматкуловко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.А. Насиров |
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун
ПРОТОКОЛУ
Өзгөн шаары № 8 15 – ноябрь 2016-жыл.
Катышканы: – 4 депутат
Катышышты: «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Юлдашев,
Мүчөлөрү: депутаттар А. Хасанов, М. Халматов, А. Ибрагимов
Каржы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Р. Мейматкулов,
МММБ департаментинин курулуш боюнча адиси Х. Тешебаев,
МММБ департаментинин башкы эсепчиси К. Джумабаева
К/Н ТАРТИБИ:
Өзгөн шаардык балдар жана өспүрүмдөрдү дене тарбияга даярдоо клубунун 2016-жылдын 29-сентябрындагы БӨДТДКна жана шаардык мектептерге спорт эмеректерди сатып алууга 110,8 миң сом акча каражатын карап берүү жөнүндөгү №26 каты.
Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 5-октябрындагы шаар мэриясынын имаратындагы чарбалык иштерин жүргүзүү үчүн МММБ департаментине 0,5 ставка завхоздук штатын кармоого макулдук берүү жөнүндөгү №728 каты.
Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 18-октябрындагы Өзгөн шаарындагы айыл-чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгын 2017-жылга карата эсептөө үчүн зоналдык коэффиценттерди бекитип берүү жөнүндөгү №758 каты
Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 3-ноябрындагы ЖӨБ органында иштеген кызматкерлердин кесиптик майрамына карата шаар мэриясынын, МММБ департаментинин жана шаардык кеңештин кызматкерлерин материалдык жактан сыйлоого кошумча каражат бөлүп берүү жөнүндөгү №805 каты
Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 11-ноябрындагы “Жаныбек казы” жана “Борбор” кварталдарындагы балдар аянтчаларынын курулушун толук аягына чыгаруу үчүн 947,5 миң сом, С. Шарипов атындагы орто мектебинин ашканасынын ремонтун толук аягына чыгаруу үчүн 423,9 миң сом, Гапаров көчөсүнүн узундугу 1175 метр жерин толук асфальттоо үчүн 1,0 млн сом, Н. Крупская көчөсүндөгү 160 метр жерин асфальттоо үчүн 300,0 миң сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2016-жылдын 10 айы ичинде ашыкча аткарылышынын эсебинен карап берүү жөнүндөгү №830 каты
Отурумду Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Юлдашев ачты: Урматтуу комиссия мүчөлөрү кворум бар болгондуктан бүгүнкү отурумду ачык деп эсептеп, отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Бүгүнкү отурумдун күн тартибинде 5 маселе каралат, күн тартибине кошумчалар жок болсо, бүгүнкү отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Күн тартиби бир добуштан бекитилди.
Анда күн тартибиндеги биринчи маселени кароого өтсөк. Өзгөн шаардык балдар жана өспүрүмдөрдү дене тарбияга даярдоо клубунун 2016-жылдын 29-сентябрындагы БӨДТДКна жана шаардык мектептерге спорт эмеректерди сатып алууга 110,8 миң сом акча каражатын карап берүү жөнүндөгү №26 катын карап койсок, бул маселе боюнча кимде кандай сунуштар бар.
Каржы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Р. Мейматкулов: бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2016-жылдын 10 айы ичинде ашыкча аткарылгандыгынын эсебинен каражат бөлүп берсе болот.
Депутат А. Юлдашев: Балдарыбыздын спорт менен машыгуусу үчүн спортинвентарларын сатып алууга каражат карап берели, акча каражатын көзөмөлдөөнү БӨДТДКнын директору А. Мавляновко милдеттендирип койсок. Сунуш бир добуштан колдоого алынды.
Күн тартибиндеги экинчи маселе: Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 5-октябрындагы шаар мэриясынын имаратындагы чарбалык иштерин жүргүзүү үчүн МММБ департаментине 0,5 ставка завхоздук штатын карап берүү жөнүндөгү №728 каты, бул катка завхоздун эмгек акысына керектелүүчү каражаттын эсеби боюнча тиркеме тиркелген эмес.
Каржы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Р. Мейматкулов: 2017-жылдын 31-декабрына чейин штаттык бирдик кошууну токтотуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен мораторий киргизилген, аны да эске алып койсок.
Депутат М. Халматов: штат кимге берилет.
МММБ департаментинин курулуш боюнча адиси Х. Тешебаев: МММБ департаментине берилет, өзүңүздөргө белгилүү болгондой мэриянын имаратынын ичиндеги инвентарларды сарамжалдуу пайдалануу үчүн завхоздун штаты керек болууда ушул маселени карап берсеңер.
Депутат А. Юлдашев: 2017-жылдын 1-январынан 0,5 ставка завхоздук штатын Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин штаттык бирдигине киргизүүгө уруксат берели, алар керектелүүчү каражаттын тиркемесин беришсин.
Күн тартибиндеги үчүнчү маселе: Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 18-октябрындагы Өзгөн шаарындагы айыл-чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгын 2017-жылга карата эсептөө үчүн зоналдык коэффиценттерди бекитип берүү жөнүндөгү №758 каты, бул коэффицент мурунку бойдон эле калтырылыптыр, ошондуктан бекитип берсек болот, кимде кандай сунуш бар. Сунуш жок болсо бул маселени добушка койом. Бул маселе комиссия мүчөлөрү тарабынан колдоого алынды.
Күн тартибиндеги төртүнчү маселе: Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 3-ноябрындагы ЖӨБ органында иштеген кызматкерлердин кесиптик майрамына карата шаар мэриясынын, МММБ департаментинин жана шаардык кеңештин кызматкерлерин сыйлоого кошумча каражат бөлүп берүү жөнүндөгү №805 каты, сыйлоо үчүн баардыгы болуп 395728 сом акча каражаты суралган, шаардык каржы бөлүмү сыйлоого кошумча каражат бөлүү мыйзамда көрсөтүлбөгөндүгү боюнча кат менен жооп берген, мыйзам боюнча мүмкүн болбосо төлөш керек эмес. Мыйзамдуу төлөмдөрдү ала беришсин. Жылдын жыйынтыгы менен эмгек акы фондусунан үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен төлөө сунушталсын.
Күн тартибиндеги кийинки маселе: Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 11-ноябрындагы “Жаныбек казы” жана “Борбор” кварталдарындагы балдар аянтчаларынын курулушун толук аягына чыгаруу үчүн 947,5 миң сом, С.Шарипов атындагы орто мектебинин ашканасынын курулушун толук аягына чыгаруу үчүн 423,9 миң сом, Гапаров көчөсүнүн узундугу 1175 метр жерин асфальттоо үчүн 1,0 млн сом, Н. Крупская көчөсүнүн 160 метр жерин асфальттоо үчүн 300,0 миң сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2016-жылдын 10 айы ичинде ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча карап берүү жөнүндөгү №830 каты, бул жерде баардыгы болуп 2,7 млн сом каражат суралып жатат, бирок каржы бөлүмүнүн маалыматында Өзгөн шаар бюджетине 2016-жылдын 10 айынын жыйынтыгы менен 1647,9 миң сомго ашыкча киреше түшкөнү көрсөтүлгөн, “Жаныбек казы” жана “Борбор” кварталындагы балдар аянтчасынын курулушун толук аягына чыгаруу үчүн 947,5 миң сом, С.Шарипов атындагы орто мектебинин ашканасын толук аягына чыгаруу үчүн 423,9 миң сом акча каражатын карап берсек, себеби биз балдардын билим алуусуна көңүл бурушубуз керек. Кимде кандай сунуш бар.
Депутат А. Хасанов: Быйыл спорткомплекс курабыз деп мектептерге спорт инвентарларын сатып алууга акча каражаты каралбай калган, ошол себептен мектептерге спорт инвентарларын сатып алууга 110,8 миң сом, Крупская көчөсүн асфальттоону акырына чейин бүтүрүүгө 300,0 миң сом акча каражатын карап койсок.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Өзгөн шаар бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2016-жылдын 10 айында ашыкча аткарылышы эсебинен “Жаныбек казы” жана “Борбор” кварталдарындагы балдар аянтчаларынын курулушун толук аягына чыгаруу үчүн 947,5 миң сом, С. Шарипов атындагы орто мектебинин ашканасынын курулушун толук аягына чыгаруу үчүн 423,9 миң сом, Н. Крупская көчөсүн асфальттоону аягына чыгаруу үчүн 300,0 миң сом, БӨДТДКна спорт эмеректерин сатып алуу үчүн 110,8 миң сом акча каражаты бюджеттин 2016-жылдын 10 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен бөлүп берилсин жана БӨДТДКна бөлүнгөн каражатты көзөмөлдөө жагы БӨДТДКнын директору А.Мавляновко милдеттендирилсин.
Өзгөн шаарындагы айыл чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгын 2017-жылга карата эсептөө үчүн зоналдык коэффиценттери тиркемеге ылайык бекитилсин.
Бюджеттин 2016-жылдын 10 айында ашыкча аткарылгандыгынын эсебинен бюджетке тактоо киргизүү жагы каржы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Р. Мейматкуловко милдеттендирилсин.
Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
«Бюджет, салык жана инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Н. Юлдашев