Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-ноябры № 27/6
Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXVII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча «Мыйзамдуулук, уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 4-августундагы отурумунун №1, 2016-жылдын 12-октябрындагы отурумунун №2 жана эсеп комиссиясынын №3 протоколдорунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын инфратүзүмүн көтөрүүгө кошкон зор салымы үчүн Абдраев Жакып Абдраевичке, Абдумоминов Абдукаимге, Насиров Абдулфаттах Абдулхафизовичке, Негматов Умарилло Садикжановичке, Юлдашев Азамжан Нугмановичке «Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган жарандарга «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгарыландыгын тастыктоочу документтерди даярдоо жагы Өзгөн шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, уюштуруучулук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.А. Насиров |
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын ) «Мыйзамдуулук уюштуруу-укуктук мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун
ПРОТОКОЛУ
Өзгөн шаары №1 4 - август 2016-жыл.
Катышты: 4 депутат
«Мыйзамдуулук уюштуруу-укуктук боюнча» комиссиясынын төрагасы Т.Исмаилов,
мүчөлөрү - У. Шамуратов, Д. Абакджанова, Н. Бахридинов,
Өзгөн шаар мэриясынын экономика бөлүмүнүн башчысы - К. Базарбаева,
«Жаңы-Өзгөн» кварталдык комитетинин төрагасы – А. Капаров
Күн тартибиндеги маселелер:
1) Өзгөн шаарынын «Жаңы - Өзгөн» кварталынын «Уйгурская» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, ушул көчөнүн тургуну маркум Акматов Суюмбек Эшматовичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө
2) Өзгөн шаарынын «Мажирим-Тал» кварталындагы «Малиновский» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, маркум Исаджанов Абдухалимдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
3) Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 25-июлундагы Өзгөн райондук статистика бөлүмү Өзгөн шаар мэриясына статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укутарды өткөрүп берип жаткандыгына байланыштуу эки тараптуу келишимди бекитип берүү жөнүндөгү №578 каты,
4) Өзгөн шаарынын «Калма-Кия» жана «Таштак» кварталындагы «Чарбак» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, маркум Алимбаев Сатимаматтын ысымын ыйгаруу жөнүндө
5) Өзгөн шаарынын «Кайрагач» кварталындагы «Маданият» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, маркум Исмаилов Жоровайдын ысымын ыйгаруу жөнүндө
6) Талапкерлер – Негматов Умарилло Садикжанович, Юлдашев Азамжан Нугманович, Хасанов Арсланбек Мрахварович, Абдумоминов Абдукаимди «Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга сунуштоо.
Отурумду Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук уюштуруу-укуктук мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Исмаилов ачты: урматтуу комиссия мүчөлөрү кворум бар болгондуктан бүгүнкү отурумду ачык деп эсептеп, отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Бүгүнкү отурумдун күн тартибинде 6 маселе каралат. Бүгүнкү отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Күн тартиби бир добуштан бекитилди.
Анда күн тартибиндеги биринчи маселени кароого өтсөк. Өзгөн шаарынын «Жаңы-Өзгөн» кварталынын «Уйгурская» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, ушул көчөнүн тургуну маркум Акматов Суюмбек Эшматовичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө. Анда эмесе бул маселе боюнча «Жаңы-Өзгөн» кварталдык комитетинин төрагасы А. Капаров түшүндүрмө берип койсо.
«Жаңы-Өзгөн» кварталдык комитетинин төрагасы А. Капаров: мен “Жаңы-Өзгөн” кварталынын “Уйгурская” көчөсүнүн жашоочулары менен 2016-жылдын 13-март күнү чогулуш өткөргөнбүз, ал жыйында мурда «Жаңы-Өзгөн» кварталдык комитетинин төрагасы болуп эмгектенген Акматов Суюмбек Эшматовичтин ысымын ошол көчөгө ыйгаруу маселесин көтөргөнбүз, эгерде бул көчөгө ушул адамдын наамын ыйгарып берсеңер анын уул неберелери көчөнүн инфраструктурасын оңдолушуна өз салымын кошуп келүүдө дагы өз жардамдарын беришин билдиришкен.
Депутат Н. Бахридинов: эгерде ошол көчөнүн жашоочулары ал адамды татыктуу деп тапкан болсо биз колдоп берсек болот.
Депутат Т.Исмаилов: анда эмесе каралып жаткан маселени добушка койсом. Бул маселе комиссия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан колдоого алынды.
Депутат Т. Исмаилов: күн тартибиндеги экинчи маселе Өзгөн шаарынын «Мажирим-Тал» кварталындагы «Малиновский» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, маркум Исаджанов Абдухалимдин ысымын ыйгаруу жөнүндө. Бул адам бир канча жолу мамлекет тарабынан сыйланган, депутат да болгон, көчөнүн тургундары жыйын өткөрүшүп ал адамдын наамын ыйгарып берүүбүздү суранып жатышат. Бул маселе боюнча кимде кандай сунуш бар.
Депутат У. Шамуратов: маала жашоочулары татыктуу деп сунуштаган болсо колдоп берсек,- деген сунушун билдирди.
Депутат Т. Исмаилов: анда эмесе каралып жаткан маселе боюнча добуш берип койсоңуздар.
Бул сунуш комиссия мүчөлөрү тарабынан толук колдоого алынды.
Депутат Т. Исмаилов: күн тартибиндеги үчүнчү маселе Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 25-июлундагы Өзгөн райондук статистика бөлүмү Өзгөн шаар мэриясына статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укутарды өткөрүп берип жаткандыгына байланыштуу эки тараптуу келишимди бекитип берүү жөнүндөгү №578 каты. Бул маселе боюнча Өзгөн шаар мэриясынын экономика бөлүмүнүн башчысы К. Базарбаева түшүндүрмө берип кетсе.
Өзгөн шаар мэриясынын экономика бөлүмүнүн башчысы - К.Базарбаева: Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөндөй “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү мамлекеттик бийлик органдары тарабынан мыйзамдын же келишимдин негизинде өздөрүнө таандык болгон ыйгарым укуктардын бир бөлүгүн өткөрүп берүү” укугу жана 5-беренесиндеги 3-пунктундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар келишимдин негизинде берилген учурда келишимдин шарты жана берилүүчү ыйгарым укуктардын тизмеги тиешелүү жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүгө тийиш” деп мыйзамда көрсөтүлгөн, бизде статистика боюнча адис болгондуктан башка адис алуунун кажети жок, ошол адисти каржылоо жагы Республикалык бюджеттен трансферт болуп бизге түшөт.
Депутат У. Шамуратов: ошол адистин кызмат орду бошойбу же кандай болот?
Өзгөн шаар мэриясынын экономика бөлүмүнүн башчысы - К.Базарбаева: ал адисибиз өз кызмат ордунда калат.
Депутат Т. Исмаилов: эмгек акысына кошумча төлөнөбү?
Өзгөн шаар мэриясынын экономика бөлүмүнүн башчысы - К.Базарбаева: жергиликтүү бюджеттен эмгек акы төлөнбөйт, эмгек акысы республикалык бюджеттен төлөнүп берилет.
Депутат Т. Исмаилов: каралып жаткан маселе боюнча кимде кандай сунуш бар?
Депутат У. Шамуратов: мыйзамга туура келет экен, колдоп берсек болот.
Депутат Т. Исмаилов: анда эмесе каралып жаткан маселе боюнча добуш берип койсоңуздар.
Бул сунуш комиссия мүчөлөрү тарабынан колдоого алынды.
Депутат Т. Исмаилов: күн тартибиндеги төртүнчү маселе Өзгөн шаарынын «Калма-Кия» жана «Таштак» кварталындагы «Чарбак» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, маркум Алимбаев Сатимаматтын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү маселе. Бул маселе боюнча кимде кандай сөз бар?
Депутат У. Шамуратов: маркум Алимбаев Сатимаматты баарыбыз жакшы билебиз. Ошондуктан Чарбак көчөсүн өзгөртүп маркум Алимбаев Сатимаматтын атын коюуну сессиянын отурумуна алып кирсек – деген сунушун билдирди.
Депутат Т. Исмаилов: анда эмесе каралып жаткан маселе боюнча добуш берип койсоңуздар.
Бул маселе комиссия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан колдоого алынды.
Депутат Т. Исмаилов: күн тартибиндеги бешинчи маселе Өзгөн шаарынын «Кайрагач» кварталындагы «Маданият» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, маркум Исмаилов Жоровайдын ысымын ыйгаруу жөнүндө. Кимде кандай сөз бар?
Депутат Н. Бахридинов: Исмаилов Жоровай акени бизда тааныйт элек, көчөнүн тургундары да өз протоколунда көрсөтүп кетиптер ал инсан маала тургундарына ар дайым жардам берип келген, ошол эле көчөдөгү “Шоро-Базар” мечитинин курулушуна жакындан жардам берип келген, элдин арасында сый урматка ээ болгон инсан деп билебиз. Менин сунушум «Маданият» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, маркум Исмаилов Жоровайдын ысымын ыйгарып берсек.
Депутат Т. Исмаилов: дагы кимде кандай сунуш бар? Анда каралып жаткан маселе боюнча добуш берип койсоңуздар.
Бул маселе комиссия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан колдоого алынды.
Депутат Т. Исмаилов: күн тартибиндеги алтынчы маселе «Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу» наамына – Негматов Умарилло Садикжанович, Юлдашев Азамжан Нугманович, Хасанов Арсланбек Мрахварович, Абдумоминов Абдукаимди талапкерлигин кароо маселеси, кимде кандай сөз бар?
Депутат У. Шамуратов: урматтуу комиссия мүчөлөрү өзүңүздөргө белгилүү болгондой эки жылдан бери «Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу» наамы эч кимге ыйгарылган жок, себеби жобону кайта иштеп, сессияга сунуштоо боюнча биздин комиссиядан мэрияга тапшырма берилген. Жобо сессияда бекитилди. Жогорудагы талапкерлерди биз баарыбыз тааныйбыз, шаар үчүн мээнети сиңген адамдар, ошондуктан талапкерлерге наам ыйгарууну сессияга сунуштасак. Мен дагы бир талапкер Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы Насиров Абдулфаттах Абдулхафизовичтин талапкерлигин комиссиянын атынан сессияга сунуштайм. Себеби Насиров Абдулфаттах Абдулхафизович Өзгөн шаардык кеңешинин II (1999-жыл), III (2004-жыл), IV (2008-жыл), V (2012-жыл) чакырылыштарын депутаты, 2008-жылдан бери шаардык кеңештин төрагасы, шаардын социалдык-экономикалык пландарын даярдоого жана аткарууда салымы чоң.
Депутат Д. Абакджанова: мен бул наамды ыйгарууга Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошкон кишилерди гана киргизүүнү сунуштайм.
Депутат Н. Бахридинов: биз Өзгөн шаардык кеңешинин сессиясында кабыл алган жобого ылайык «Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу» наамы депутаттар тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен аныкталат. Менин сунушум ошол көрсөтүлгөн беш талапкерди кезектеги сессияга сунуштасак, жашыруун добуш жолу менен аныктайбыз.
Депутат Т. Исмаилов: дагы кимде кандай сөз бар. Анда эмесе каралып жаткан маселени мен добушка коюп койсом. Макул 3, Каршы 1.
Бул маселе комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен колдоого алынды.
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын ) «Мыйзамдуулук уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселелерди талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Өзгөн шаарынын «Жаңы - Өзгөн» кварталынын «Уйгурская» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, маркум Акматов Суюмбек Эшматовичтин ысымын, Өзгөн шаарынын «Мажирим-Тал» кварталындагы «Малиновский» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, маркум Исаджанов Абдухалимдин ысымын, Өзгөн шаарынын «Калма-Кия» жана «Таштак» кварталындагы «Чарбак» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, маркум Алимбаев Сатимаматтын ысымын, Өзгөн шаарынын «Кайрагач» кварталындагы «Маданият» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, маркум Исмаилов Жоровайдын ысымын ыйгаруу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
Талапкерлер Негматов Умарилло Садикжанович, Юлдашев Азамжан Нугманович, Хасанов Арсланбек Мрахварович, Абдумоминов Абдукаим, Насиров Абдулфаттах Абдулхафизовичке «Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Ж. Исмаилов
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын ) «Мыйзамдуулук уюштуруу-укуктук мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун
ПРОТОКОЛУ
Өзгөн шаары №2 12 - октябрь 2016-жыл.
Катышты: 4 депутат
«Мыйзамдуулук уюштуруу-укуктук боюнча» комиссиясынын төрагасы Т.Исмаилов,
мүчөлөрү - А. Мамасадыков, У. Шамуратов, Н. Бахридинов,
Күн тартибиндеги маселелер:
1) Талапкерлер – Тажибаев Аттокур Тургунбаевич, Досов Таалайбек Макамбаевич, Абдраев Жакып Абдраевич, Маметов Жумагулду «Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга сунуштоо.
Отурумду Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук уюштуруу-укуктук мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Исмаилов ачты: урматтуу комиссия мүчөлөрү кворум бар болгондуктан бүгүнкү отурумду ачык деп эсептеп, отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Бүгүнкү отурумдун күн тартибинде 1 маселе каралат. Бүгүнкү отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Күн тартиби бир добуштан бекитилди.
Анда күн тартибиндеги маселени кароого өтсөк. “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” наамына талапкерлер боюнча кимде кандай сунуштар бар.
Депутат Н. Бахридинов: Тажибаев Аттокур Тургунбаевич Өзгөн району жана Өзгөн шаары үчүн көп жылдардан бери өз эмгегин сиңирип келүүдө, ошол себептен ал кишиге “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгарууну сессияга киргизүүнү сунуш кылам.
Депутат Т. Исмаилов: Досов Таалайбек Макамбаевич көп жылдар бою Өзгөн районунун прокурору кызмат ордунда иштеген, өз ишин мыкты билген, эл менен бирге иштеген. Райондо, шаарда мыйзамдуулукту сактоого чоң салым кошкон, ошол себептен Досов Таалайбек Макамбаевичтин талапкерлигин сессияга алып чыгууну колдосок болот.
Депутат А. Мамасадыков: Абдраев Жакып Абдраевич, Маметов Жумагул да Өзгөн району жана шаар үчүн өз эмгектерин сиңирген адамдар экен, сыйлыктарын да көрүп турабыз бул талапкерлерди да сессияга киргизсек болот.
Депутат У. Шамуратов: Бул төрт талапкерлердин баардыгы татыктуу адамдар, ошол себептен ал кишилерге “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгарууну сессиянын күн тартибине киргизсек.
Депутат Н. Бахридинов: биз Өзгөн шаардык кеңешинин сессиясында кабыл алган жобого ылайык «Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу» наамы депутаттар тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен аныкталат. Менин сунушум ошол көрсөтүлгөн төрт талапкерди кезектеги сессияга сунуштасак, жашыруун добуш берүү жолу менен аныктайбыз.
Депутат Т. Исмаилов: дагы кимде кандай сөз бар. Анда эмесе сөз жок болсо, каралып жаткан маселени добушка койом. Макул 4, каршы жок.
Бул маселе комиссия мүчөлөрү тарабынан толук колдоого алынды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын ) «Мыйзамдуулук уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселелерди талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Талапкерлер Тажибаев Аттокур Тургунбаевичке, Досов Таалайбек Макамбаевичке, Абдраев Жакып Абдраевичке, Маметов Жумагулга «Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Ж. Исмаилов
Өзгөн шардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXVII сессиясынын отурумунун эсеп комиссиясынын
Протоколу №3
Өзгөн шаары 26-ноябрь 2016-жыл.
Күн тартибиндеги маселе:
Өзгөн шардык кеңешинин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү процессин өткөрүү
Комиссиянын төрайымы Дехканбаева М.: шайлоону тизме боюнча баштасак деген сунушту киргизди. Сунуш бир добуштан колдоого алынды.
Анда тизме боюнча Х. Абдурахманов добуш берүүнү баштасын. Добуш берүү саат 11-01 де башталды. Тизме боюнча добуш берүү саат 11-21 де аяктады.
31 депутаттан 7 депутат жүйөөлүү себептер менен сессияга катышпады, ошондуктан 7 бюллетенди пайдаланылбады деп жок кылынды.
Сессияга катышкан депутаттардан 24 киши добуш берди.
№ | ФАЖ | Макул | Каршы |
1 | Абдраев Ж. | 16 |
|
2 | Абдумоминов А. | 21 |
|
3 | Досов Т. | 13 |
|
4 | Маметов Ж. | 8 |
|
5 | Насиров А. | 19 |
|
6 | Негматов У. | 18 |
|
7 | Тажибаев А. | 7 |
|
8 | Хасанов А. | 13 |
|
9 | Юлдашев А. | 19 |
|
Жобого ылайык 16 добуш алган талапкерлерге «Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылат. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 5 киши: Абдраев Ж. 16, Абдумоминов А 21, Насиров А. 19, Негматов У. 18, Юлдашев А. 19 добуш алып, аларга «Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарууну сунуштайт.
Жогорудагы комиссиянын чечимин бекитип беришиңерди суранабыз.
Эсеп комиссиясынын мүчөлөрү: М. Дехканбаева
О. Мусаев
У. Шамуратов