Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-ноябры № 27/7
Өзгөн шаарындагы №8 Курманжан датка атындагы орто мектебинин территориясына спорт аянчасын куруу үчүн түзүлгөн долбоорду колдоо жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXVII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 18-ноябрындагы №842 катын карап жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарындагы №8 Курманжан датка атындагы орто мектебинин территориясына спорт аянчасын куруу үчүн түзүлгөн долбоорду колдоого Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 326,4 миң сом каражат бөлүүгө макулдук берилсин.
2. Жогорудагы долбоорду Өзгөн шаарынын 2017-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасындагы (титулдук тизмедеги) долбоорлор менен иштөөгө колдоо көрсөтүүгө каралган каражаттардын эсебинен каржылоо жагы Өзгөн шаар мэриясына жана шаардык каржы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.А. Насиров |