Загрузка документа…
АЛА-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-февралы № 70
Ала-Арча айыл аймагынын 2016-жылга карата калктын төлөө кызматтарына ченемдерди бекитүү жөнүндө
“Ала-Арча айыл аймагынын 2016-жылга карата калктын төлөө кызматтарына ченемдерди бекитүү жөнүндө” маселени карап жана талкуулап, “Чүй облусттук Аламүдүн районунун айыл өкмөттөрү аткарып жаткан төлөө кызматтарына Бирдиктүү баалардын нарктамасын макулдашуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү жана Монополияга каршы саясат боюнча Чүй облусттук Мамлекеттик агент бөлүмүнүн 2007-жыл 22-июндагы №70 буйругун колдонмо кылып Ала-Арча айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Арча айыл аймагы көрсөткөн төлөө кызматтарына баалардын нарктамасы бекитилсин:
Маалымдамалар:
Жашагандыгы жерден маалымдама – 10 сом
Үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымдама – 10 сом
Маалымдама Ф-3 (паспорт жоголгондо) – 20 сом
Азык-түлүктөрдү сатууга – 20 сом
Маалымдама Ф-51 (мураска калтырууга нотариалдык кеңсеге), кредит алуу үчүн – 50 сом
Айлык маяна жөнүндө маалымдама – 20 сом
Малдын саны жөнүндө маалымдамалар:
Аттын, ири мүйүздүү малдын 1 башы- 30 сом
Майда мүйүздүү малдын 1 башы – 10 сом
Үй канаттууларынын 1 башы – 5 сом
Мал чарбачылыгы жөнүндө маалымдама (кредитке) – 50 сом
Малды башка жакка ташууга – 50 сом
Уруксаат берүү жана актылар:
Турак үйдү куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүгө – 100 сом
Юридикалык жактар үчүн жеке менчикке жер тилкесин бекитүүгө уруксаатка- 100 сом
Курулуштан көз каранды болгон жер тилкесин кайра бекитүүгө – 100 сом
Дүкөнчөлөрдү жана соода чекиттерин орнотуу үчүн жер тилкеге уруксаатка – 100 сом
Дыйкан чарбаны уюштуруу үчүн - 100 сом
Жарнама шиттерин орнотуу үчүн жер тилкеге уруксаатка – 500 сом
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү бюджет жана каржы боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Мажитов |