Загрузка документа…
ЧОӉ-АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-марты №11/2
Чон-Алай райондук Абибилла Молдоболотов атындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун калкты медициналык жактан тейлөөдө жана жугуштуу оорулардын алдын алууда 2010-жылда жана 2011-жылдын I-кварталында аткарган иштери жөнүндө райондук кенештин алдындагы «Социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиянын орун басары Т.Жайчибековдун билдирүүсү жөнүндө
Чон-Алай райондук кенешинин кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чон-Алай райондук Абибилла Молдоболотов атындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун калкты медициналык жактан тейлөөдө жана жугуштуу оорулардын алдын алууда 2010-жылдын 2011-жылдын I-кварталында аткарган иштери жөнүндө райондук кенештин алдындагы «Социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиянын орун басары Т.Жайчибековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун финансы-экономикалык документтеринин жүргүзүүдөгү финансы кызматкерлеринин кетирген кемчилдиктери белгиленсин жана аларга тиешелүү чараларды көрүү;
- ГСВда ФАПтарда иштеп жаткан потранаждардын иштерине көзөмөлдү күчөтүү,
- жарандардын карточкаларын иретке келтирүүнү;
- врачтар менен камсыз кылууну;
- медициналык кызматкерлердин ортосундагы моралдык-психологиялык мамилелерди тендештирүүнү;
- борбордук оорукананын банясын бүтүрүү үчүн мамлекттик эмес уюмдар менен иш алып барууну колго алуу жагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун директору Ы.Бакировго милдеттендирилсин.
3. Жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун терапия бөлүмүнүн авариялык абалда экенин белгиленсин жана 2011-жылдын жаз айларынан жаны имараттын курулушун баштоону биргеликте колго алуу жагы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин милдетин аткаруучу А.Алайчиевге жана жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун директору Ы.Бакировго сунушталсын.
4. Жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун директорунун орун басарлык кызматынын айланасында болуп жаткан сөздөргө чекит коюлуп, бул маселе боюнча маалымат 2011-жылдын 10-апрелине чейин, жана жогорудагы берилген кемчилдиктердин үстүндө жүргүзүлгөн иштер боюнча 2011-жылдын 1- июнуна карата райондук кенешке маалымат берилсин.
5. Жекенди айылдык ооруканасынын сыздап жатканына байланыштуу артындагы арыкты жылдырууга чечкиндүү чараларды көрүү жагы Жэкенди айылдык округунун башчысы Ш.Анапияевге милдеттендирилсин, аткарылган иштер боюнча 2011-жылдын 20-апрелине райондук кенешке маалымат берсин.
6. Дарыгерлердин ставкалары боюнча жогорку органдарга кат жолдоо жагы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- акиминин милдетин аткаруучу А.Алайчиевге жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун директору Ы.Бакировго сунушталсын.
7. Жогоруда айтылган кемчилдиктерди карап чыгуу үчүн райондук кенештин кезектеги сессиясына маселе 6-айдын жыйынтыгы менен кайрадан каралсын.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук кенештин алдындагы «Социалдык маселелер» боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Чон-Алай райондук кенешинин төрагасы |
Д.Молдоболотов |